Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Кыргызстандын БУУга мүчө болгонуна 12 жыл толду


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмуна мүчө болуп киргендигине туура 12 жыл толду. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Кыргызстандын БУУнун алкагындагы кызматташтыгы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо, анын социалдык-экономикалык, экологиялык, маданий маселелерин чечүүнү көздөйт. 1995-жылы Кыргызстанда Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленди, ал эми 2003-жыл "Эларалык тоо жылы" деп жарыяланды. Учурда Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун башчылыгында жүргүзүлгөн тынчтыкты орнотуу миссияларына активдүү катышууда. Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмуна мүчө болгондугунан тартып өлкөдө ондогон долбоорлор ишке ашырылууда.
Ошол эле маалда Кыргызстан уюмга мүчөлүк акысын төлөй албай, кыйынчылык тарткан учурлары да аз эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG