Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

“Киа моторс” Европада филиалын ачат


СЕУЛ. Түштүк Кореянын экинчи чоң автоунаа өндүрүүчүсү "Киа моторс" корпорациясы Европада филиалын ачат. Словакиянын Жилина шаарында жайгаша турган ишкананын курулушу быйыл башталып, ага 870 миллион доллар сарпталат. Ишкананын алгачкы продукциясы 2006-жылы чыгарылат жана ишканада 2400 жергиликтүү жаран жумуш иштейт. Словакиянын каржы министри Иван Миклош "Кианын" бул чечими Словакиядагы реформалар натыйжалуу болуп, тышкы инвесторлор үчүн өлкөдө жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүнө айгине деп билдирди.

XS
SM
MD
LG