Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН ЖАЗГЫ АҢ УУЛОО БАШТАЛДЫ: ПАЙДАСЫ КИМГЕ?


1-марттан 31–мартка чейин Кыргызстанда чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жазгы аң уулоого уруксат берилди. Бир ай бою мамлекеттик токой кызматы уруксаты менен чет элдик аңчылар тоо теке, кулжа, каман баштаган жапайы жаныбарларды атууга мүмкүнчүлүк алышты.

Чет өлкөлүктөр үчүн жазгы аңчылык жеке эле кыргыз жергесинде эмес, Борбор Азия мамлекеттеринде да башталды. Былтыр чет элдик мергенчилер сибир текелерин, кекилик, памир тукумундагы тоо эчкилерин, аркар, кулжа жана каман атууга кызыккан. Бирок бул жаныбарларды атуу Мамлекеттик токой кызматынын адистери тарабынан чектелип келген. Кийинки мезгилде өлкөдө карышкыр көбөйүп, жапайы жаныбарлардын тукумуна да зыян кылууда.

Өлкөнүн аңчылык башкармасынын адистеринин айтымында, кыргыз жергесинде 16-17 миңдей аркар- кулжа, тоо эчки бар. Өлкөдө чет элдик мергенчилер үчүн 50гө жакын аңчылык чарбалар аларга шарт түзүп, аңчылыкты уюштуруп жүрүшөт. Кайсы өлкөлөрдөн мергенчилер келип жаткандыгы тууралуу өлкөнүн мамлекеттик токой кызматынын алдындагы аңчылык башкармасынын төрагасынын орун басары Алмаз Мусаев буларды атап айтты:

- Америка Кошмо Штаттарынан, Германия, Франция, Англия, Венгрия, Чехия, Югословия, Австрия жана башка өлкөлөрдөн мергендер келип жүрүшөт. Орусия менен Казакстандан дагы аңчылыкка кызыккандар аз эмес.


Кыргыз жергесинде чет өлкөлүктөр үчүн жазгы аңчылык уюштурулуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү калктын өкүлдөрү да түрдүү пикирлерин айтышты. Эмесе, алардын айрымдарынын пикирлерине назар салыңыздар. Иманалы Жайнаков-Атбашы районунун тургуну:

- Мындай иш туура эмес. Жапайы жаныбарлар төлдөп жаткан учур болсо аңчылыкка уруксаат береби!? Анан алар мылтык менен эле атпай, вертолет менен кубалап жүрүп, аркар-кулжанын түбүнө жетмек болушту. Ошентип жүрүшүп бир вертолет Аксайда кырсыкка учураганын эсиңиздерге салайын. Мүмкүн Акүйдө иштеген бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болушу ыктымал, бирок карапайым калкка аңчылыктын дегеле пайдасы жок.

Тургунбеков Калыс - Панфилов районунун Сөлпү айылынын өкмөт башчысы:

- Чүй боорунда биздин Жардыкайыңдыда чет элдик мергенчилер үчүн аңчылык уюштурулуп жүрөт. Чет өлкөлүктөр эмне болсо ошонун баарын атышат. Илбирс, карышкыр, аркар, кулжа, эчки, текени койбой атып кетүүдө. Мен буга каршымын.

Чындык-Ысыккөлдөн:

- Кыргыздарды "аркар-кулжаны атпагыла" деп тыйып "Карагул ботом", "Кожожаш" деп кино тартып, жаныбарларды сактагыла дешип, үгүт жүргүзүшөт. Ал эми чет өлкөлүктөргө эшик ачып, тоо текени, эликтерди, кулжаны аттырганы туура эмес.

Жогоруда айтылган пикирлерге караганда, карапайым калк жазгы төл маалында жаныбарларга аңчылык кылууга каршы. Жергиликтүү өкмөттөргө да мындай мергенчиликтен пайда түшпөй жатканын айтышууда. Мындай пикирлерге аңчылык башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алмаз Мусаевдин жообу мындай:

- Эми эл ичинде ар кандай имиштер айтыла берет экен. "Жаныбарлар төлдөөчү мезгилде аңчылыкка уруксат берип жатышат", деп бизди күнөөлөгөндөр да бар. Түшүндүрүп айта кетейин, жазындагы аңчылык учурунда 7-8 жаштагы эркек кулжа, тоо текелерди атууга гана уруксат берилет. Алардын мүйүздөрүнүн чоңдугу эске алынат. Быйылтан баштап аркар, кулжа кайсы аймакта атылса, жергиликтүү казынага ал бааланган акчанын 20 пайызы бөлүнөт. .

Мурдагы жылдарда чет өлкөлүк мергенчи аткан кулжа үчүн аңчылык чарбалары 15 миңдей америка долларын алып, анын 5 миңин чыгымдарына чыгарып, калганын өз пайдасына жумшап, салык төлөбөй келишкен. Быйылтан баштап чет элдик мергенчи ар бир атылган кулжа үчүн өкмөт казынасына 5 миң доллар төлөшү каралды. Тоо экилер үчүн 600 доллар төлөөгө тийиш. Салыштырып койолу - Тажикстанда бир кулжаны атканы үчүн чет өлкөлүк мергенчи 10 миң, Монголияда 13 миң доллар төлөшөт.

Жазгы мергенчилик учурунда 12-16 кулжа, 40-50 теке атууга чет өлкөлүктөр аңчылык башкармачылыктан уруксат сурашкан. Жылына 60-70 аркар-кулжаны чет элдик мергендер атып кетип, эл аралык көргөзмөлөргө коюшат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG