Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Жон Керри Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкерлик укугун иш жүзүндө жеңип алды


Муну "маанилүү шейшембидеги" добуш берүүнүн жыйынтыктары көргөзүүдө. Демократиялык партиядан президенттикке талапкерди тандоо боюнча баштапкы шайлоолор же америкалыктарча айтканда "праймериздер" кечээ он: Нью-Йорк, Калифорния, Огайо, Массачусетс, Жоржия, Миннесота, Мэриленд, Коннектикут, Вермонт, Род-Айленд штатында өттү. Азырынча сенатор Жон Керри алардын алтоосунда: Огайо, Коннектикут, Мэриленд, Массачусетс, Нью-Йорк жана Род-Айлендде жеңүүчү деп жарыяланды. Керри буга чейин шайлоо өткөн 20 штаттын 18синде утуп алган болчу. Анын баштапкы шайлоолордогу акыркы атаандашы сенатор Жон Эдварс
" Ассошейтед пресс" агенттигинин билдиргенине караганда, бүгүн президенттик жарыштан чыкканын жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG