Ушуну менен экинчи ирет өтүп аткан эларалык жыйын Орусиядагы православ, мусулман жана иудей, будда дин жетекчилеринин биргелешкен демилгеси менен чакырылган. Каадалуу иш-чаранын маани-маңызы тууралуу Кыргызстан мусулмандар муфтийинин аппарат жетекчиси Жумалы Олжонов мына буларды билдирди:
- Бул форум Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосунда, дегеле, жер жүзүндө тынчтыкты, бейпилдикти орнотуу маселесин карай турган чоң жыйын. Ага бизге коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, бүт КМШ өлкөлөрүнүн дин кызматкерлери катышып атышат. Анда биздин азирети муфтийибиз да сөз сүйлөйт.
Жыйын соңунда КМШ өлкөлөрүнүн аркыл дин ишмерлеринин башын коштурган КМШ диний кеңеши түзүлмөкчү.