Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

«ЭЛ БИЙЛИГИ ҮЧҮН» ШАЙЛОО БЛОГУНУН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ


3-мартта Бишкекте оппозициялык маанайдагы «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун кеңейтилген жыйыны болуп, анда блоктун жобосу бекитилип, калкка кайрылуу кабыл алынды. Блоктогу партиялардын мүчөлөрү президенттикке талапкерлерди көрсөтүү боюнча жашыруун добуш берүү өткөрүштү. Мындай добуш берүү жер-жерлерде да жүргүзүлүп, анын негизинде бирдиктүү талапкер тандалмакчы.

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогун оппозициялык маанайдагы «Асаба», «Кайран эл», КДК, «Эркин Кыргызстан», «Эркиндик» жана «Республика» партиялары түзгөн. Негизги максаты катары алар президентик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууну аташкан.
Шайлоо блогунун бүгүнкү жыйынына алты партиянын лидерлери, жер-жерлердеги өкүлдөрү, жалпысынан 60тан ашуун киши катышты. Жыйында кабыл алынган жобого ылайык блоктун башкаруучу органы - Башкы кеңеш түзүлөт. Ага ар бир партиядан экиден өкүл кирет. Ал эми Башкы кеңештин төрагалыгын ар бир партиянын лидери үч айлык мөөнөттө кезектешип аткарат. Жер-жерлерде иш жүргүзүү максатында блок төрт деңгээлде борбордук, облустук, округдук жана участкалык штабдарды түзөт.

Штабдарды түзүүнүн максаты тууралуу «Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов буларды билдирди:

- Биздин негизги максат - 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо эл добуш берген талапкерлерди, андан кийин президенттик шайлоодо жеңген президенттин бийлигин сактап калыш. Ал максатка жетүү үчүн мындан ары оппозициялык маанайдагы бардык саясий күчтөрдүн ортосунда ар кандай жамандашууларды токтотууну сунуштайм.

Ал эми парламентке депутаттыкка жана президенттикке талапкерлерди эл өзү да көрсөтүшү керек деген сунушун «Республика» партиясынын лидерлеринин бири Замира Сыдыкова билдирди:

- Эл өзү да бизге максатын айтып, талапкерлерди көрсөтүп, биз да аларды карап, андан кийин бирге иштесек туура болот эле.

Андан кийин талкууга жер-жерлерден келип катышкан өкүлдөр негизинен оппозициялык лидерлердин биригүүсү, шайлоо алдындагы иштерге калктын кеңири катмарын тартуу маселесин коюшту. Маселен, Баткен облусунан келген Пазилет Тажибаева мындай оюн айтты:

- Өткөндөгү президенттик шайлоодо эле булар бөлүнбөй бир чыкса - жеңип кетишмек деп эл айтып жүрөт. Азыркы кезде эл арасында ар бир депутат өзүнчө партия түзүп, өзүн президент көрүп жатат деген сөздөр айтылууда. Мен оппозициялык партияларды биригүүгө чакырам.

Ал эми Ысыккөл облусунан келген Канимет Жакыптегин мындай сунуш менен чыкты:

- Биздин Башкы кеңеште стратегиялык топ түзүп туруп, бардык талапкерлерди изилдеп чыгыш керек. Бул биздин кайсыл жерде жеңишке жетишүү мүмкүндүгүбүздү аныктоо үчүн керек.

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун жыйынына «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Досбол Нур уулу да катышып сөз сүйлөдү. Ал өзү жетектеген партия «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна кошулушу тууралуу буларды билдирди:

- Биздин партия бир чечимге келе элек. Мүмкүн дагы бир-эки партия менен өзүнчө блок түзөбүз же силердин блокко кошулабыз. Муну биз жакын арада чечебиз.

Ушундай талкуулардын жыйынтыгында «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун жобосу бекитилди. Андан кийин блоктун Кыргызстан калкына, президентке кайрылуусу кабыл алынды. Анда 17-мартта Аксы окуясынын эки жылдыгын белгилөө, аза күтүү митингилерин өткөрүү, электр жарыгын өчүрүүнү токтотуу, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга президенттин токтоосуз кол коюусу, массалык маалымат каражаттары аркылуу түндүк-түштүк маселесин козутууну, Кумтөрдү «Центерра голд инк» компаниясына, ал эми Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга өткөрүп берүүнү токтотуу талаптары айтылды. Кайрылууда азыркы бийликтин бир адамдын үй-бүлөсүнө кызмат кылып жатканы белгиленип, андай бийликти алмаштырып,элге кызмат кыла турган бийликти түзүү максатына биригүү чакырыгы бардык демократиялык күчтөргө жолдонду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG