Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

ИРАКТА 3 КҮНДҮК АЗА КҮТҮҮ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Ирактын башкаруучу кеңеши өлкөнүн убактылуу конституциясына кол коюуну кийинге калтырды. Мерчем боюнча өткөөл мезгилдин конституциясына (бүгүн) шаршемби күндөн кечиктирилбей кол коюлуш керек болчу. Маанилүү иш-чараны токтото турууга шаршемби күнү Багдад жана Кербала шаарларында шийилерге каршы жасалган чабуулда 170 чамалуу адамдын курман болушуна байланыштуу жарыяланган аза күтүү себеп болду. Аза күтүү зыяпаты үч күнгө созулат.

Шаршемби, бейшемби жана жума күндөрү - Иракта улуттук аза күтүү күнү. Бул - Ирактын башкаруучу кеңешинин чечими. Ошондой эле узактан күтүлүп жаткан өлкөнүн убактылуу конституциясына кол коюу шейиттерди эскерүү күндөрү бүтмөйүнчө токтотулду. Аза жарыялоого шаршемби күнү шийилердин ыйык шаары Кербалада жана баш калаа Багдадда болгон террордук чабуулдар себеп болду.

Шийилер 1324 жыл илгери шейит болгон Хусеиндин арбагын эскерип жаткан күнү болгон жардыруулардан бери дегенде 170 адам өлдү. 430дан көп адам жарадар болду.

Асыресе шийи зыяратчылары бул күнү Кербала шаарындагы Хусейин менен анын Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөсү жана Ирак ислам революциясынын Башкы кеңешинин төрагасы Абдул Азиз ал-Хаким канабайрам үчүн террорчуларга катар коалициялык күчтөрдү да күнөөлөдү:

- Баскынчы армия Ирак элине каршы жасалган бардык чабуулдар үчүн жооптуу. Себеби алар Ирак элин коргой алышпады. Ошол эле учурда алар ирктыктардын тийиштүү жол менен өзүн өзү коргоосуна мүмкүндүк беришпейт.

Ирактык шийилердин көсөмү Али ал-Систани да ушундай пикирин айтып, бирок ирактыктарды ынтымакка чакырды.

Америкалык генерал Марк Киммитт Багдаддагы жана Кербаладагы шейшемби күнкү террордук жардыруулар үчүн жоопкерчиликти теги иорданиялык террорчу Абу Мусаб Заркавиге жүктөдү:

- Сөзсүз бул жардырууларды уюштурду деп шек түшкөн негизги адам - Заркави болот. Мурда колдонулган ыкмалар, техника, жанкечтилик, күтүүсүздүгү менен адамдын үшүн алуу аракети, белгилери - мунун баары чабуулдарды эларалык уюмдардын жергиликтүү топтордун жардамы менен жасашы мүмкүн деген тыянакка түртөт...

Ал-Заркави Улуттар уюмунун Багададдагы кеңсесине, Нажаф шаарындагы шийилер сыйынчу күмбөзгө, Ирактын башкаруучу кеңеши жайгашкан административдик комплекстин дарбазасындагы жана башка бир катар террордук чабуулдарды уюштурду жана “ал-Каида” менен кызматташат деп шектелип жүрөт.

Ройтердин маалыматы боюнча, Вашингтон ал-Заркавинин башы үчүн 10 миллион доллар сыйлык убада кылган.

Шотландиялык эксперт Магнус Ренсторп мусулман өлкөлөрүндө ал-Заркавинин согушчан топтору бар жана алардын жалпы жөнүнөн ”ал-Каиданын” идеологиясын колдошоору күмөнсүз деп боолгойт:

- Менин оюмча, ал-Заркавинин бир нече лагери бар. Маанилүүсү ал түрдүү бекет-жайларда болууга үлгүрөт. Бул ага операцияларды эркин көзөмөлдөөгө же түздөн түз жетекчилик кылууга мүмкүндүк берет.

Америкалык аскерлер Иракта жакында кармаган каттын мазмуну да шийилерге каршы жасалган бомба чабуулдарын ал-Заркави уюштурду деген түкшүмөлдү бекемдейт. Ал-Заркавинин “Ал-Каиданын” жетекчилигине жазган кайрылуусунда “шийилерге, алардын башчыларына бутага алууга”, ошентип, аларды “өлкөдөгү улуттук азчылыктарга каршы түртүү зарылдыгы” жөнүндө айтылганын Ирактагы коалициялык администрациянын өкүлү Дэн Синорь билдирди.

XS
SM
MD
LG