Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

ЕВРОБИРИМДИК ООГАНСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУ КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУНУ СУНУШ КЫЛУУДА


2-мартта Европа Биримдиги Ооганстанда шайлоо өткөрүүгө азырынча керектүү шарт түзүлө электигин билдирди. Европа Коммиссиясы болсо шайлоо өнөктүгүн уюштуруу үчүн өлкөгө кошумча каражат бөлүп берүүгө убада кылды.

2001-жылдын этегинде Ооганстандын саясий келечегин талкуулаган Бонн конференциясында ушул жылдын июнь айында өлкөдө шайлоо өткөрүлүүгө тийиш деп макулдашылган эле.

Бирок шейшембиде Европа комиссиясы Ооганстандагы коопсуздук жана уюштуруу иштериндеги кыйынчылыктардан улам, калыс жана адилет шайлоону аталган мөөнөттө өткөрүү мүмкүн эмес деп билдирди. Комиссиянын тышкы байланыштар департаментинин басма сөз өкүлү Емма Удвин БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясы (UNAMA) туш болуп жаткан проблемаларды атады. Бул миссия добуш берүүчүлөрдү каттоо жана башка уюштуруу иштерин аркалайт.

Удвин айым Евробиримдик бул жөнүндө Ооган жетекчилигин кабардар кылганын, маселе дүйшөмбү күнү Биримдиктин жогорку мартабалуу өкүлдөрү Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл менен жолукканда да талкууланганын билдирди:

- Биздин пикирибизде, Ооганстан үчүн калктын ишенимине толбогон шайлоону өткөрүүдөн көрө, аны кийинкиге калтыруу маанилүүрөөк болот. Шайлоону, айталы, күзүндө өткөрүү мүмкүн болсо, анда ошондой эле кылыш керек. Калайык добуш берүүнүн жыйынтыгынан күнөм санабашы үчүн бар аракетибизди жумшообуз зарыл. БУУнун миссиясы өз милдетин мыкты аткарыш үчүн кызматкерлер, унаа, видеокамера, башка жабдыктар менен толук камсыздалууга тийиш. Ошондо гана оогандар шайлоонун жыйынтыгына ынанышат.

Евробримдиктин атын атабаган башка бир кызматкери Ооганстандын 10 жарым миллиондой добуш берүүчүсүнүн ондон бир бөлүгү гана каттоодон өткөнүн айтты. Калыс шайлоо үчүн добуш берүүчүлөрдүн жок дегенде 70 пайызы катталууга тийиш.

Ошол эле шейшемби күнү Еврокоммиссия Ооганстандагы шайлоо үчүн дагы 8 миллион евро жардам бөлүп берүү жөнүндө жарыялады. Ошону менен Биримдик сарптаган жалпы сумма 30 миллион еврого жетти. Муну менен бардык каржы маселелери чечилип калбайт. БУУнун миссиясы үчүн кеминде дагы 90 миллион евро талап кылынат.

Уюштуруу иштеринде да далай оңой эмес жагдайлар бар. Мисалы, каттоо, мониторинг жана башка жумуштар үчүн 33 миңдей билимдүү киши керек болот. Өлкө калкынын 15 пайызы гана сабаттуу экенин эске алсак, бул да бир чоң проблема.

Евробиримдик коопсуздук кырдаалын да шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүгө жолтоо болуп жаткан өзөктүү фактор катары атады. Шайлоо чөлкөмдөрү ар кандай куралдуу топтордун бутасы болуп калышы ажеп эмес. НАТО Ооганстанга кошумча аскер жиберүүнү көздөп жатканы менен, алардын июнь айына дейре жайгашаары күмөн.

Эмма Удвиндин ырастоосунда, Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен добуш берүү үчүн июнга караганда сентябрь ыңгайлуураак деп эсептейт.

Европалык биримдиктин дагы бир сунушуна караганда, президенттик жана парламенттик шайлоону удаа өткөрсө дурус болоор эле. Анткени болочок президент сөзсүз түрдө бир уруудан же этностук топтон чыгат. Ал мүмкүн болушунча тезирээк бүтүндөй улуттун өкүлдөрү катары таанылган мыйзам чыгаруу органына муктаж болот.

XS
SM
MD
LG