Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу жыйын өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун кеңейтилген жыйыны өттү. Анда блоктун ишмердүүлүгү тууралуу жалпы жобо кабыл алынды. Жобого ылайык блоктун башкаруучу органы катары Башкы кеңеш, ал эми аткаруучу органы катары республикалык, облустук, округдук, участкалык штаб түзүлө турган болду. Ошондой эле жыйындын катышуучулары блоктун башкы максаты: жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке өтүүчү шайлоолордо блокко кирген партиялардын талапкерлерине бирдиктүү колдоо көрсөтүү жана президенттик шайлоодо бир талапкерди колдоп чыгуу экендигин айтышты.

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу кыргыз элине, мамлекет башчысына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алды. Кайрылуу ээлери кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөр» алтын кенин «Центера голд инк» эларалык компаниясына жана Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт эс алуу жайын Казакстандын менчигине өткөрүп берүүсү бүгүнкү аткаруу бийлигинин өз элине жасаган чыккынчылыгы катары баалашып, өкмөттүн мындай чечимин токтоосуз жокко чыгарууну Жогорку Кеңештен өтүнүштү. Ошондой эле кайрылуу ээлери 17-мартта Бишкекте Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингин өткөрүү, аткаруу бийлигинин массалык маалымат каражаттары аркылуу түштүк-түндүк маселесин тымызын көтөрүүсүн токтотуусуна чек коюну талап кылышты. "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогу үстүбүздөгү жылдын 13-январында түзүлгөн. Ага «Асаба», «КДК», «Эркиндик», «Эрк», «Кайран эл», «Республика» партиялары кирет.

XS
SM
MD
LG