Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Өлдү деп саналган кыз табылды


АКШнын Филаделфия штатында мындан бир нече жыл мурда өлдү деп саналган кыз табылды. Делимар Вера алты жашында үйү өрттөнгөндө сөөгү табылбай калган. Бирок мындан эки ай мурда энеси Луз Гуеваз аны кокусунан жолуктуруп, ууртундагы уячасынан таанып алган. Генетикалык текшерүү анын чынында да Гуеваздын кызы экенин айгинеледи.

Делимарды багып өстүргөн аял полицияга кечээ өзү келип берди. Полициянын болжолунда, ал 1997-жылы үйгө өрт коюп, кызды уурдап кеткен. Бакма эне кыздын атасына алыс тууган экен.

Күндүзгү жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл ЖУСУБЖАН, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG