Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Германиянын жогорку соту тыңшоо жүргүзүүнүн тартибин өзгөртүүнү талап кылды


Соттун айтымында, мындан алты жыл мурда кабыл алынган мыйзам конституцияга каршы келет. Тартип коргоочулар жана өкмөт жеке адамдарды өз үйлөрүндө тыңшоо уюшкан кылмыштуулук жана терроризм менен күрөштө керек деп айтышат. Бирок Федералдык Конституциялык сотто чыгып сүйлөгөндөр бул жол менен бийликтер эч бир ири кылмыштын бетин ача алышпаганын белгилеп, тыңшоо конституцияда каралган жеке адамдын укуктарын бузат деп ырасташты.

Жогорку соттун бүгүн жарыялаган чечиминде беш жылга чейинки түрмө мөөнөтү менен жазалана турган олуттуу кылмыштар боюнча гана жеке адамдарга өз үйлөрүндө тыңшоо жүрүзүү мүмкүн экендиги айтылат. Сотко ылайык, мындан тышкары шектүү адам жакын туугандары, дарыгери, же адвокаты менен телефондон сүйлөшүп жатканда тыңшоо токтотулушу керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG