Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Түркияда дале болсо олуттуу укук бузуулар бар экени айтылууда


Бүгүн Европа кеңеши реформалар боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин Түркиянын аткараарына ишеним билдирип, "анын демократиялык жараяндагы кемчиликтерин такай көзөмөлдөп туруунун мындан ары зарылчылыгы жок" деп айтылган билдирүү жарыялайт деп күтүлүүдө.

Арийне, Хьюман Райтс уотч уюму өлкөдө айыпкерлерди кыйноо азайганы менен, үстүбүздөгү жылдын эки айында полициянын карамүртөздүгү тууралуу бир нече кабар түшкөнүн билдирди. Уюм маалыматына ылайык, мындан тышкары сөз эркиндигинен пайдаланган атуулдардын үстүнөн эки сот иши жүрүп жатат. Ошондой эле тынчтык мүнөздө өткөн эки демонстрацияга каршы полиция ашыкча күч колдонгон.

Келерки дүйшөмбүдө Анкарада Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG