Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Жон Керринин жолу ачылды


Демократиялык партияга мүчө болгон сенатор Жон Керри кечээ он штаттын тогузунда партиялаштарынын колдоосуна ээ болду. Ошону менен Демпартиянын өз ичинен өткөн шайлоолордо Керри 30 ат салыштын 27син жеңип алды.

Керриге куйрук улай келаткан Жон Эдвардс башкы атаандашын Демпартиянын мыкты өкүлү деп мүнөздөдү:

- Meн досум сенатор Жон Керрини куттуктайм. Ал күчтүү өнөктүк жүргүзүп жатат. Ал биз бааарыбыз туу туткан иш орундарын көбөйтүү, саламаттыкты сактоону жакшыртуу, айлана-чөйрөнү тазартуу, дүйнөнүн бейкуттугун көздүн карегиндей сактоо сыяктуу максаттарды аздектеген адам.

Эдвардс талапкерлик үчүн ат салыштан баш тартаарын бүгүн ырасмий жарыялайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG