Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ЭМНЕДЕН АКСАЙТ?


Бүгүн Бишкекте жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын абалына арналган эки күндүк семинар ишин баштады. Мамлекеттик жана өз алдынча маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү эки күн бою Кыргызстандагы журналистиканын учурдагы абалы, электрондук жана басма маалымат каражаттарынын ишин жакшыртуу, чечилүүнү талап кылган маселелерди талкуулашат.

Фридрих Эберт фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган семинарга жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, бишкектик журналисттер катышууда. Эки күн ичинде электрондук, басма маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кесиптик маселелердин тегерегинде кеп кылып, ой-пикирлерин ортого салышмакчы. Семинардын уюштуруучусу Разия Сырдыбаева жыйында негизинен жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын абалы тууралуу кеп болорун айтты:

- Семинардын аталышы - "Массалык маалымат каражаттарында ийгиликке алып келүүчү ыкмалар". Максаты – ошол ыкмалар менен тааныштыруу. Бул ыкмалар дүйнө жүзүндө практикада көп жылдан бери иштеп келатат. Ошондон ал ыкманы эмне үчүн Кыргызстанда алып кете албайбыз, бул тажрыйба жеке эле борбор калаада иштей алабы же элет жеринде да иштегенге мүмкүнчүлүгү барбы? Ушундай суроолорду көтөрүп, жергиликтүү журналисттерди аны менен тааныштыруу, негизи кош тараптуу тажрыйба аламашуу - семинардын негизги максаты.

“Интерфакс-Кыргызстан” агенттигинин кабарчысы Наталья Любезнова жергиликтүү маалымдоо каражаттарына кесиптик деңгээл жетишпейт деген пикирде.

- Журналистиканын негизин жергиликтүү маалымдоо каражаттары түзөт. Бирок да азыр алардын абалы анчалык жакшы эмес. Баары демилгеге байланыштуу. Жалгыз демилге акча төлөнбөсө алыска бара албайт. Менин пикиримде, жергиликтүү маалымдоо каражаттарына мамлекет тарабынан же сүрөөнчүлөр жактан туруктуу колдоо көрсөтүлбөсө азыркыдай маалымат боштугу өзгөрүүсүз кала берет. Биздеги чоң мүчүлүштүк ушул.

Кемин районундагы “Эмгек жарчысы” гезитинин кабарчысы Айтин Курманов райондук гезиттерде илгеркидей эле материалды машинкага басып, басмаканага алып баруу деңгээлинде иштеп жатышканын билдирди:

- Жергиликтүү басма сөздө көп кемчиликтер бар, материалдык жактан кыйынчылыктар толтура. Техника жетишпейт. Силер айтып атасыңар, айрым райондордо компьютер пайда болуптур деп. Айрым жерлерде ал дале жок. Жазган машинкаларыбызда кыргыз тамгасы жок, алары да бузук. Эптеген-септеген оокат менен гезит чыгарып келатабыз.

Жыйында белгиленгендей Кыргызстандын маалымат мейкини кыйла эле суйдаң. Рспубликанын түштүгүндө коңшулаш Өзбекстандын маалымат кысымы үстөмөндүк кылса, борборго жакын аймактарда Орусиянын маалымдоо каражаттарынын таасири күчтүү. Каржы кыйынчылыгынын айынан эркин маалымдоо каражаттарынын үзгүлтүксүз чыгып турушу кыйын, айрымдары тез эле жабылып калууда. Эркин телекөрсөтүү, радиоуктуруу жаатында мамлекеттин ээлигиндеги эфир жыштыгын алуу оңбогондой оор маселе бойдон калууда. Өткөн жылдын июнунан бери юстиция министрлигинен жаңы гезитин каттоодон өткөрө албай жүргөнүн журналист Рина Приживойт жакында эле жазып чыкты. Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын мындай мамиле күч алаары семинарда белгиленди.
XS
SM
MD
LG