Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ТҮРКИЯДАГЫ РЕФОРМАЛАРГА ЖЫЛУУ БАА БЕРҮҮДӨ


Аким Өзгөн, Стамбул, Түркия Түркийанын Евробиримдикке мүчө болуу маселеси европалыктардын Биримдикти кеңейтүү боюнча чараларынын күн тартибинде кала берүүдө. Британ тышкы иштер министри Жэк Стро жана Еврокеңештин Парламенттик жыйынынын көзөмөлдөө комитети Түркиядагы соңку реформаларга жылуу баа беришти.

Кипр аралындагы жамааттар-аралык сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпай жатканына карабастан, Түркийанын Евробиримдикке (ЕБ) мүчө болуу үчүн реформалар жарайаны кечээ (шаршемби күнү) кошумча колдоого арзыды. Түркийада сайакатта болгон Британийанын тышкы иштер министири Жэк Стро Евробиримдиктин критерийлерин аткаруудагы ийгиликтери менен байланыштуу Түркийаны мактап, Түркийа бул реформачыл багытын сактап калса, анда Биримдиктин декабр айындагы саммитинде Биримдикке мүчө болуу жаатындагы сүйлөшүүлөрдү баштоонун датасы аныкталууга тийиш экендигин айтты.

Дал ошол эле учурда, Еврокеңештин Парламенттик жыйынынын (ассамблейасынын) көзөмөлдөө комитети Түркийанын демократийа багытындагы сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган бир баяндаманы жактырды. Түркийа реформаларды аткарууга чечкиндүү киришкендигин далилдегендиги белгиленген бул баяндамада өлүм жазасынын алынып ташталуусу, абактык жаза алгандардын ишинин Европа Адам Укуктары Сотунда кайра каралуусуна жол ачылуусу, жана Улуттук Коопсуздук Кеңешине өзгөртүүлөр киргизилип, андагы аскерлердин таасиринин азайтылышы оң мүнөздүү орчундуу кадамдар катары бааланып; Анкара кийинки эки жылдын аралыгында аны утурлаган 10 жылга тете реформаларды турмушка ашыргандыгы байандалды.

Еврокеңештин Парламенттик ассамблейасынын апрел айындагы жалпы жыйынында жактырылуусу күтүлгөн Көзөмөлдөө Комитетинин бул баяндамасы дипломаттык чөйрөлөр тарабынан Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылып келе жаткан Түркийага карата берилген күчтүү колдоо катары бааланды.

Британийанын тышкы иштер министри Жэк Стро өңдүү эле, Германийанын канцлери Герхарт Шрөдер да өткөн айда Түркийанын ЕБга мүчөлүгүнө колдоо билдирген эле; бирок эл аралык мунапыс уйуму «Эмнести Интернэшнл» кечөө күнү Түркийада адам укуктарынын сакталышынын абалын сынга алган баяндаманы жарыйалады. Адамдын укуктарынын сакталышы жаатында бир топ алга карай жылуулар болгондугу айтылган бул баяндамада, ошондой эле, 2003-жылы адамдардын тергөө абактарында кыйноого дуушар болгондугу, полиция кызматчыларынын элди токмоктогондугу жана эркин сөз сүйлөө укугунун чектелгендиги тууралуу бир катар айыптоолор камтылган.

Кандай гана болбосун, Еврокеңештин көзөмөлдөө комитети дайардаган баяндама Түркийанын бийлик чөйрөлөрү тарабынан канааттануу менен кабыл алынды. Ал эми өткөн жылдын нойабр айында Стамбулда болгон террордук жардыруулардын натыйжасында каза болгон Британийанын атуулдары, анын ичинде Стамбулдагы баш консул Рожер Шоттун элесине таазим кылуу каадасына катышуу максатында Түркийага келген британ тышкы иштер министри Жэк Стронун Түркийалык кесиптеши Абдулла Гүл менен жолугушкандан кийин айткан сөздөрү Европада Түркийага карата көз караштын Түркийанын пайдасына алмашып бараткандыгынын таасын белгиси катары бааланды. Жек Строо маалымат жыйынында чыгып сүйлөдү:

- Биз Түркийанын Биримдикке толук мүчө болушуна күчтүү колдоо билдирип келдик; биз Копенгаген критерийлерин аткаруу жаатында жетишилген прогрессти жогору баалайбыз жана алдыдагы декабр айында ЕБнын саммитинде Түркийанын мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоосунун күнүн аныктоо маселесинде оң мүнөздүү чечим кабыл алынышын каалайбыз.

Стронун дагы бир баса белгилеген ою төмөнкүдөй болду:

- ЕБге кошулуу өзүнүн кызыкчылыктарына төп келеби же жокпу, аны чечүү - Түркийанын өз эрки. Бирок, мына, Кудай турат, Түркийанын ЕБге кошулуусу Евробиримдиктин кызыкчылыктарына абдан төп келет.

Белгилүү болгондой, Копенгаген критерийлеринин чегинде болбогонуна карабастан, европалыктар Кипр маселесинин жөнгө салынуусу Түркийанын Биримдикке мүчөлүккө өтүү жарайанына оң таасир алып келет деп, Кипр жаңжалын чечүүгө көмөктөшүү милдетин Анкаранын алдына койгон.

Британийалык министр басма сөз жыйынында бул маселеге да токтоло кетти:

- ...Кипр аралы боюнча биздин тикелей кызыкчылыктарыбыз бар. Бул жерде мен бул сүйлөшүүлөргө карата Түркийанын өкмөтү жасап келаткан оң мүнөздүү жана мамлекеттик чыгаан мамиле менен байланыштуу сиздерге ыраазычылыгымды айткым келет.

Ушинтип, Түркийанын ЕБге мүчө болуу жарайанында бир топ ийгиликтүү жана оң мүнөздөгү кадамдар жасалууда. Бирок, алдыда дагы нечендеген тар жол, тайгак кечүүлөр турганын да танууга болбойт. Германийа жана Британийа ашкере колдоо билдирип келатканына карабастан, ЕБнин ичинде 70 миллиондуу калкынын абсолюттук басымдуу көпчүлүгү мусулман болгон Түркийанын Биримдикке кошулуусун каалабаган саясатчылар да аз эмес.

XS
SM
MD
LG