Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Израилдин күчтөрү Рафах шаарында рейд жүргүзүштү


ГАЗА. Бүгүн Израилдин күчтөрү Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында рейд жүргүзүштү. Кечээ жөөтөрдүн абадан жасаган чабуулунан Хамастын үч жоокери набыт болгон. Израилдин аскерлеринин билдиргенине караганда, алар Газа секторунда Египеттен курал ташылуучу жашыруун туннелди издеп жатышат. Палестин ооруканаларынын маалыматы боюнча, жөөт аскерлери мектептин жанында ок чыгаргандыктан өспүрүм бир бала каза тапты.
Ошол эле маалда Израиль өкмөтүнүн буйругу менен бүгүн Иордандын чыгыш жээгиндеги жөөттөрдүн алты айылдарынын тургундары жашаган жерлерин таштап чыгып кетүүгө тийиш. Израиль бийлиги аларга акыркы мөөнөт катары бүгүн күүгүмгө чейин убакыт берген.

XS
SM
MD
LG