Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Кытай бийлиги демократка эркиндик берди


ПЕКИН. Бүгүн Кытай бийлиги демократ Ванг Юцайды түрмөдөн бошотту. Кытай демократяи партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бирин бийлик ден соолугуна байланыштуу деп, бирок өлкөдөн тез арада чыгып кетүү шарты менен эркиндикке чыгарды. Укук коргоочу Дую Хау фондунун өкүлү Жон Камдын айтымында, Ванг Юцай абактан чыгаар замат туугандары менен коштошуп, учакка түшүп АКШга – Сан-Франциского жөнөп кетти.
37 жаштагы Ванг Юцай 1989-жылы Тянаньмынь аянтында болгон студенттердин кандуу нааразылык акциясына катышкан деп айыпталып, 1998-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган.Кытай бийлиги демократ-диссидентти АКШнын кысымы аркасында бошотту деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG