Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Британиянын тышкы иштер министри Пакистан президенти менен жолугушту


ИСЛАМАБАД. Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу Пакистандагы эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн президент Первез Мушарраф менен жана тышкы иштер министри Харшид Касурай менен жолугуп, өзөктүк куралдарды таратпоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардан кийин
Жек Строу сүйлөшүүлөргө ыраазы экенин билдирип, Пакистан менен атомдук кубат боюнча эларалык агенттиктин ортосундагы кызматташтыкка ыраазы экенин билдирди.
– Биз эмнени кааларыбыз белгилүү. Президент Мушарраф бул маселени - өзөктүк куралдардын кайсы гана мамлекет же адамдардын колуна тийбешине каршы эларалык коомчулук катуу күрөшүп жатканын жакшы түшүнөт - бул биздин жалпы кызыкчылыгыбыз, - деди Жек Строу.

Ал ошондой эле ырасмий Исламабаддын илимпоз Абдул Кадыр Хандын ишин иликтөөгө ала баштаганын колдоого алаарын айтты. Абдул Кадыр Хан кыргын салуучу куралдар боюнча жашыруун сырларды Иран, Түндүк Корея жана Ливияга сатып келгенин мойнуна алган.
Жек Сроу ошондой эле Пакистан менен Индиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданганына жана бул мамлекеттин ал-Каидага каршы күрөшүнө ыраазы экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG