Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Германиянын соту 11-сентябрдагы террорго катышкан деп кесилген адамдын арызын канааттандырды


КАРЛСРУЭ. Бүгүн Германиянын жогорку соту 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террорго катышы бар делип былтыр февралда 15 жылга кесилген Мунир Эл Мотассадектин аппеляциялык арызын канааттандырды. Мунир Эл Мотассадек – 11-сентябрдагы канабайрамга катышкан делип соттолгон алгачкы жана азыркы тапта жалгыз адам. Анын актоочуларынын айтымында, биринчи инстанциядагы сот чечим кабыл алаардан мурда терракты уюштурганга катышкан делип азыр Кошмо Штаттарында камалып жаткан Рамзи бин ал-Шиба аттуу адамдын пикирин уккан эмес. Анткени, ал мурда Мотассадектин террорго эч кандай тиешеси жок деген көрсөтмө берген болчу.
Сотко төрагалык кылуучу судья Клаус Толксдорф ишти кайра карап чыгуу тууралуу бүтүмгө келип, материалдарды кайра Гамбургдагы төмөнкү сотко жолдоду. Мындан мурда да Германия соту 11-сентябрдагы кылмышка тиешеси бар делип айыпталып келген дагы бир мароккалык Абдулгани Мзудини актап, эркиндикке чыгарган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG