Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Орус тилине арналган эларалык конгресс өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы орус тили» деп аталган эларалык конгресс өткөрүлдү. Ага президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев, Орусиянын билим берүү министри Владимир Филиппов жана КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган орус тили боюча окмуштуулар катышышты. Аскар Акаев Кыргызстанда буга чейин орус тилинин өнүгүшүнө жетишээрлик камкордук көрүлгөндүгүн айтып, Конституциянын негизинде орус тилине ырасмий тил статусу берилгендигин белгилей кетти. Ал эми Орусиянын министри Владимир Филиппов башка КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу орус тилинин өнүгүшүнө ар тараптуу шарт түзгөнү үчүн Кыргызстандын мамлекет башчысына жана кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди. Конгресс ушул эле күнү өз ишин аяктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG