Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

РУМЫНИЯ: ОРТОДОКС ЧИРКӨӨСҮ ЖАНА САЯСАТ


Румыниянын ортодокс чиркөөсү февраль айында кабыл алган чечимге ылайык, диний кызматкерлер партияларга мүчө, парламентке мүчө боло алышпайт же өкмөттүк кызматтарды ээлей алышпайт. Бу чечим жай айына чейин аткарылыш керек. Башкаруучу Социал-демократтык партия, ошондой эле саясатка аралышып жүргөн динаятчылар үчүн ортодокс жетекчилигин чечими күтүүсүз болду. Кошумчалай кетчү нерсе, Балкан өлкөлөрүндө жана Россияда ортодок чиркөөсү менен өкмөттүн карым-катнашы дале күчтүү. Ошентип, Румыниялык тарсалардын диний башчылыгынын мындай кадамга баруусуна эмне түркү болду?

Румыниянын ордокс чиркөөсү, Польшанын католик чиркөөсү сыңары болбосо да, коомдогу таасири күчтүү эсептелет. Ырасмий маалыматтар боюнча, өлкөнүн 22 миллион калкынын 87 проценти же 18 миллиондон ашуусу тарсалар.
Румыниядагы 15 миң чамалуу диниятчылардын ичинен жүзгө жакын адам чиркөөдөгү кызматын өкмөттүк жумуш менен кошо аткарып жүрөт. Саясатка баш оту менен кирип кеткен диниятчылар да бар.

Буга дейре диниятчы чиркөөдөгү вайзийпасын төрт жылга убактылуу калтырып, саясый же өкмөттүк кызматка кетсе болмок.

Жаңы жобого ылайык, диниятчы саясый турмушка жандуу катышам десе, чиркөөдөгү кызматын биротоло ташташы шарт. Ыйык Синод бу чечимди, ортодокс чиркөөсүнүн башчысы, архибишоп Бартоломею Ананиянын айтышынча, христиан чиркөөсүнүн универсалдык жобосуна таянып кабыл алды.

Жыл аягында Румынияда жалпы элдик шайлоо өтөт. Ошондуктан, диниятчылар аркылуу динзарлардын добушун алууну көздөгөн башкаруучу Социал-демократтык партиянын билермандары үчүн Ыйык Синоддун кадамы күтүүсүз болду. Бирок, талдоочулар ортодокс чиркөөсүнүн чечимин оң баалашты. Бухаресттик тарыхчы Зое Петре:

- Динаятчы-ортодокс, католик же реформаторлор чиркөөсүнөн болобу-ырасмий түрдө саясый партияга кошулбаш керек. Динаятчы партияга моралдык колдоо көрсөтсө же аброюна таянып жардамдашса, бул да жарабайт.

Румыниянын ортодокс чиркөөсү азырга дейре Россиянын ортодокс чиркөөсү сыяктуу эле коммунисттик бийлик менен жанажан кызматташты, Николае Чаушеску доорунда чиркөөлөрдү кыйтарып-талкалоону токтотуу үчүн эч кандай аракет жасабады деп айыпталып келет.

Коңшулаш Югославияны алсак, ортодокс жана католик конфессиялары бийлик менен коюн-колтук болушканы менен, Балканды 1990-жылдардын башында каптаган кандуу калаба кезинде улут-улутка бөлүнүп чыга беришкен.
Сарай-Боснадагы диндерди жана улуттардын маданиятын издөө борборунун башчысы Марко Орсоличтин айтымында:

- Мурдакы Югославияда-католик жана ортодокс диндери натуура пайдаланылды. Себеби, диндер улутка карай бөлүнгөн болчу. Мисалы, католик десе, негизинен хорваттарды билишчү.Сербдер бүтүндөй ортодокс чиркөөсүнө чокунган. Мындай бөлүнүү согуш учурунда өтө коркунучтуу болду. Адамдарда башка диндер жөнүндө жетерлик маалыматы жок болгондуктан, алар жек көрүүчүлүккө, бүлүнтүүчүлүккө жана согушка кубаттуу каршылык көрсөтпөдү.

Марко Орсоличтин сөзүнө караганда, Югославиядагы бардык чиркөөлөр ырасмий түрдө согушка каршы чыкты. Лекин, кызыл кыргынды, талап-тоноочулукту болтурбоо үчүн чечкиндүү аракет жасашпады.

Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европадагы улуттар менен чиркөөлөр кылымдар бою жанаша жашап келгенине карабастан, улттук коммунизм мурдакы Югославияны кан майданга айландырды деген ойдо тарыхчы-илимпоз Зое Петре:

- Ортодокс-византиялыктардын салты Румыния, Сербия, Болгария, атургай Россиянын тарыхый аймактарына жайылган. Ошенткен менен, Балкандагы кандуу калайман диний айрымачылыктын эмес, түздөн түз улуттук коммунизмдин туунудусу экенинен мен күмөн санабайм. Румынияда да ортодокс динин туу көтөргүсү келген улуттук партиялар бар.

Чиркөө өзүн Слободан Милошевичтин бийлигинен алыс кармоого умтулса да, репрессиячыл диниятчыларды “такымдап турду”. Чиркөө казынага көз каранды шартта, башкача болушу мүмкүн да эмес эле. Экс-президент Милошевич ушу тапта Балкан согушундагы ролу үчүн Гаагадагы эл аралык сотто сурак берүүдө.

Марко Орсоличтин байкашынча, азыр Балкандагы кырдаал бир кыйла жакшырып калды:

- Согуштан кийин чиркөө аброюн оңдоп алды. Чиркөө азыр Тужмандын же Милошевичтин режимине күнкорсуз болгондуктан, анын эл ичиндеги кадыр-баркы өстү деп ойлойм. Бул жалпы динзарлардын жана чиркөөгө көз карандысыз адамдардын пикири деп айта алам.

Ортодокс-тарсалары элинин көбүн түзгөн Россиянын конституциясы диниятчылардын саясатка катышуусуна тыйуу салбайт. Анткен менен, Россиянын ортодокс чиркөөсү өз диниятчыларына саясатка кийлигишпөөгө кеңеш берет. Бул кеңешти укпаган диний кызматкерлер чиркөөдөн куулушу мүмкүн.

Чындыгында, андай эмес. Орус чиркөөсү эзелтен бийликке кызмат кылып көнгөн адатын таштай элек. Москвалык талдоочу Андрей Пионтковский айткандай, өздөрүн саясаттан сырттабыз дешкен диниятчылар президент Путиндин администрациясын бекем колдоорун жашырышпайт. Анысын ачык айтууну айың көрүшпөйт. Андрей Пионтковский:

- Аларды (диниятчыларды) көбүн эсе Кремлдеги жолугушууларда, путинчил партиялар уюштурган айрым жыйындарда көрө аласыз. Алар бийликти колдошот. Алар өкмөттү жактайт жана түрдүү колдоолору үчүн олуттуу акчалай жардам алышат.

Пионтковский Орус ортодокс чиркөөсүнүн бийликке бу сындуу кызмат кылуусун токтоторуна көп деле ишене бербейт.

Батыштын дин мамлекеттен бөлүнгөн секулярдык өлкөлөрүн мисалага алып,
Румыниялык тарыхчы- илимпоз Зое Петре айым демократиялуу коомдо чиркөө өз милдетин аткаруудан тышкары, жарандык коомдун түптүү институту катары бийлик менен мамиле күткөнү жөндүү деген оюн айтат:

- Мамлекетте плюрализм болуш керек. Чиркөө болсо жарандык коомдун өтө маанилүү институту. Мен ошон үчүн бийлик менен жарандык коомго тиешелүү мекемелердин ортосундагы айрыманы, элге жеңил болуш үчүн, ачык-айкын бөлүп коюу абзел. Биз “чирөө” дегенди, алардын кайсы бирин түшүнөбүз. Румынияда жана башка өлкөлөрдө түрдүү диний конфессиялар бар. Биз алардын баарын эле билебизби? Айрымдарын билсек, башкаларын билбейбиз. Саясаттагы же башка тармактарда көпчүлүк десе, баары дегенди билдирбейт го.
XS
SM
MD
LG