Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

ЭЛАРАЛЫК УЮМДАР ТҮРКМӨНСТАНДЫК ЭКИ ЖУРНАЛИСТТИН КАМАЛЫШЫН АЙЫПТАШУУДА


Бурулкан Сарыгулова, Прага Шаршембиде укук коргоочу эларалык “Amnesty International” уюму Түркмөнстандагы чет өлкөлүк эки журналисттин камакка алынышына байланыштуу президент Сапармурат Ниязовго жана тышкы иштер министри Рашид Медеровго кат жолдоду. Ушул эле жагдайга байланыштуу бир катар башка эларалык укук коргоочу уюмдар да журналисттердин камалышына кабатыр экенин билдире башташты.

Түркмөнстандын коопсуздук кызматы “Азаттык” үналгысынын Түрмөнстандагы кабарчысы Рахим Эсеновду 23-февралда, ал эми анын кесиптеши Аширкули Байриевди 1-мартта камакка алган. Кармоо учурунда алар менен бирге Эсеновдун күйөө баласы Игорь Каприелов да бар болчу. Бирок азыр Игорь Каприеловдун кайда экендиги белгисиз. Эларалык укук коргоо уюмунун маалымдаганына караганда, калган экөөнү Түркмөнстандын коопсуздук кызматы эл ичине улуттук, диний чагым салууда деп айыптап, камакка алды. Коопсуздук кызматы бул кадамын журналисттерден өлкөдө басууга тыюу салынган китептин көп нускасы табылгандыгы менен негиздеген.

“Amnesty International” уюму түркмөн бийлигине жолдогон катында сөз эркиндиги, адам укугу өңдүү демократиялык баалуулуктарга доо кетирүү мамлекетке аброй алып бербестигин белгилейт.
Эларалык уюмдар журналисттердин камалышына байланыштуу катуу тынчсызданып жатышканы менен, авторитардык режимдин туткунунда турган бул өлкөдөгү акыркы окуяга байланыштуу кабатыр билдирүүлөрдөн тыянак чыгаарына ишенишпейт. Маселен, баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чегарасыз кабарчылар” уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Софья Блексмэндин айтымында, тыштан айтылган пикир–сунуштар жана каалоолор буга чейин деле эч качан көңүлгө алынган эмес. Ошондуктан, бул өлкөдөгү катаал режимге таасир этүү өтө кыйын.

- Бирок биз ошого карабастан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, Европа биримдигинин кеңешине, Европарламентке, Кошмо Штаттарга, бардык башка кызыктар уюмдарга айтып жатабыз, айтабыз дагы, - дейт Блексмэн.

Азыр эларалык укук коргоочу уюмдар түркмөн бийлиги тарабынан камактагы журналисттер кыйноолорго кабылабы деп чочулап турушат. Ошондуктан “Amnesty International” уюму расмий бийликтен алардын адамдык укугун сактоону, айрыкча 78 жаш курагына келген Эсеновдун ден соолугунун начардыгын эске алууну эскертишти.

Анын үстүнө бул жолку камоо бийликтин “Азаттык” радиосунун кабарчыларына жасалган кезектеги чабуулу катары сыпатталууда. Анткени эларалык маалымат каражатынын журналисттерине буга чейин да бир нече ирет ыдык көрсөтүлгөн.

- Биздин тынчсыздануубузга чек жок. Анткени “Азаттык” радиосунун кабарчыларын бул өлкө биринчи эле ирет куугунтуктаган жок,- дейт Софья Блексмэн, - Ал эми бул радио (“Азаттык”) Борбор Азия менен Чыгыш Европада демократиялык баалуулуктардын символу.

Байкоочулардын баамында, Түркмөнстанда адам укугуна доо кетирген одоно кадамдар, куугунтуктоолор 2002-жылдын күзүндөгү президент Ниязовго кол салуу аракетинен кийин ого бетер күчөдү. Ал эми укук коргоочулар эки журналисттин камалышына байланыштуу тараткан билдирүүлөрүндө өлкөдөгү жеке адамга сыйынуучулук адам укуктарына каршы ар кандай кыянат иштерди жасоого пайдубал болуп жатканын белгилешкен.
XS
SM
MD
LG