Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Т. САРПАШЕВ: «КЫРГЫЗСТАН СУУНУ ТОВАР КАТАРЫ САТЧУ МЕЗГИЛ КЕЛДИ»


Борбор Азиядагы төрт мамлекет - Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан ортосунда суу-энергетикалык ресурсту пайдалануу боюнча быйыл жыл башында түзүлгөн эки макулдашуу Кыргызстандын экономикасына зыян алып келүүдө. Бул тууралуу бейшемби күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, бул маселени Мыйзам чыгаруу жыйыны жума күнү карап, сууну товар катары сатууну өкмөттөн талап кылат.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика маселелери боюнча комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстан өзүнүн суу-энергетикалык байлыгын пайдалануу саясатын кескин өзгөртүүгө милдеттүү. Анткени Кыргызстан суу башында турган менен аны өзүнүн экономикасына зыян келтиргендей пайдаланып жатат. Буга ушул жылдын 4-январында Казакстандын Чымкент шаарында, андан кийин 11-февралда Бишкекте түзүлгөн эки макулдашуу күбө. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын вице-премьер министрлери жана сууну пайдалануу тармак жетекчилери кол койгон бул макулдашууларга ылайык Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан секундасына 500 миң кубометр гана сууну жиберип, анын айынан электр энергиясын өндүрүү көлөмүн 30% кыскартты. Зарыл көлөмдөгү электр энергиясы өндүрүлбөгөндөн кийин Кыргызстан улам бир жерде жарыкты өчүрүп, өндүрүш тармагы гана эмес калк дагы жабыр тартууда. Ушундан улам маселени Мыйзам чыгаруу жыйыны карап, анда өкмөттүн алдына коңшуларга сууну товар катары сатуу милдетин койгону жатат.

Андан тышкары жогоруда аталган эки макулдашууну аткаруудан Кыргызстан тарткан экономикалык зыян үчүн компенсация төлөп берсин деп өкмөт коңшулардан талап кылышы керек. Себеби, Кыргызстан суунун көлөмүн кыскартыш үчүн Казакстан берген таш көмүр менен мазуттун акысын жазында Кыргызстан электр энергиясы менен төлөп берүүгө милдеткер. Ал тууралуу Тайырбек Сарпашев:

- Бизге Казакстан 85 миң тонна көмүр берди. Анын акысын биз жазында электр энергия түрүндө төлөп беребиз. Муну менен алар суу сактагычынан ашып кеткен суу проблемасын биздин эсебибизден чечип алышты. Ошондуктан биз өкмөттүн алдына бул маселе боюнча март, апрелдеги сүйлөшүүлөрдө коңшуларга «келген зыянды акча түрүндө төлөп бергиле же сууну сатуу механизмин ишке киргизүү маалы келди» деген сунушту киргизсин деген милдетти коюп жатабыз жана анда парламенттин чечимине таянгыла деп жатабыз,-деп билдирди.

Депутат Тайырбек Сарпашевдин айтымында, бирок кыргыз өкмөтү электр энергиясын өндүрүү көлөмүн 30% кыскартуудан улам өлкөгө экономикалык канча зыян келгендигин эсепке албай жатат:

- Эң башкысы - өкмөт электр энергияны өндүрүүнү кыскартуу боюнча чек койгондугун мойнуна албай жатат. Бирок чек койгондугу тууралуу биздин колубузда документтер бар. Өкмөт энергияны бөлүштүрүүчү компанияларга 20-30% чейин кыскарткыла деген тапшырма берген. Зыян тарткан жокпуз, чек койгон жокпуз деген өкмөттөн канча зыян келгендиги тууралуу эсепти кантип алууга болот? Мыйзамды бузуп туруп, аны бузган жокпуз деп мойнуна албай жатат.

Депутаттын пикири боюнча, өкмөт макулдашуунун негизинде Кыргызстан тартып жаткан экономикалык зыянды эсептегиси келбей жатат:

- Эсептөөдөн баш тартуусунун башкы себеби - өчүрүү. Бул - мыйзамга каршы. Анда өкмөт мыйзамды бузган өкмөт болуп, парламенттин өкмөттү таратууну суранышына өбөлгө бериши мүмкүн.

Ал эми өкмөт аппаратынын отун-энергетика боюнча бөлүмүнүн башчысы Азимбек Жолошев макулдашуу жана Кыргызстан тартып жаткан зыян тууралуу эч кандай маалымат бере албасын жана бардык суроолорго жооп Мыйзам чыгаруу жыйынында берилээрин билдирди.

Ал эми аталган эки макулдашууну аткаруу үчүн Кыргызстан экономикалык олуттуу чегинүүлөргө барып жаткандыгын Кыргызстандын Евразия экономикалык кызматташтык уюмундагы вице-премьер министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов төрт мамлекеттин вице-премьер министрлеринин Бишкектеги жолугушуусу учурунда баса белгилеген. Депутаттар ушундан улам суу-энергетика боюнча жазгы сүйлөшүү маалында сууну сатуу жана келген зыян үчүн акы алуу маселесин козгоого палатанын талабы негиз берет деген катуу ишенимде.
XS
SM
MD
LG