Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Ч.АЙТМАТОВДУН АДАБИЯТКА КЕЛИШИ, АДВОКАТТАРДЫН ПРЕСС-ЖЫЙЫНЫ, ОРУС ТИЛ КОНГРЕССИ


Чыңгыз Айтматовдун адабиятка келиши кандай тарыхый-маданий жагдай менен шартталган? Жазуучунун “Жамийла” повестинин айрым аксакал калемгерлерге жакпай калышынын себеп-жөнү тууралуу “Кыргызстан маданияты” гезити Салижан Жигитовдун көлөмдүү макаласын жарыялады. Кыргыз басылмаларында мамлекеттик тил көйгөйү, орус тилинин КМШ өлкөлөрүндө колдонулушуна арналган эларалык конгресс тууралуу материалдар арбын чыгууда.

Коопсуздук кеңеш катчысы Мисир Ашыркуловго кол салууга аракет жасаган деп айыпталган жарандарга кысым көрсөтүлүп, тергөөчүлөр мыйзам жол бербеген аракеттерди жасашканын адвокаттардын айтканына таянып “МСН” гезити бейшембидеги санында жазып чыкты. Сот башталганга чейин тергөө менен прокуратуранын ишиндеги алешемдиктерди адвокаттардын ачыкка чыгаруусу кандайынан келгенде да Кыргызстанда адам укугун сактоо жаатында дурус өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн айгинелеген жышаан болду, деп белгилейт гезит авторлору.

Эларалык валюта фондунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнендин “МСН” гезитинде жарыяланган маегинде ушу тапта алтындын баасы дурус экени, бирок мындай жагдай дайым эле боло бербестиги белгиленген. Т. Саавалайнендин айтымында, алтын баасы азыркы калыбында турса 2006-жылга чейин Кыргызстан 100 миллион доллар өлчөмүндөгү канадалык компанияга бересесин төлөп коюшу мүмкүн.

Орус тилинин КМШ өлкөлөрүндөгү ролуна арналган эларалык конгресстин урматына бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинин атайын саны чыгарылды. Анда президент А.Акаев, жазуучу Ч.Айтматов жана биртоп илимпоздордун орус тили, орус маданияты тууралуу пикирлери жарыяланган.

Мындан 12 жыл илгери 4-мартта кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл туусу кабыл алынган. “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчыларынын кыргыз туусу жөнүндө суроолоруна шаардыктардын көбү жооп бере алышкан эмес. “Шаардыктардын басымдуу бөлүгү туунун бетинде эмне тартылганын билбейт”, деп жазат журналист Данияр Каримов. Ал эми гимндин текстин жатка билгендер андан да аз.

“Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы санында Салижан Жигитовдун “Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде...” деген көлөмдүү макаласы жарыяланды. Анда адабиятчы Ч.Айтматовдун алгачкы чыгармаларынын жарыяланышы, аны аксакал калемдештери кандай кабыл алышкандыктары тууралуу кеп болот.

Бейшембидеги “Трибуна” гезитинде Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун маеги жарык көрдү. Анын ырасташынча, ушу тапта укуктук-сот реформасы кашаң жүрүүдө.

Кыргызстан менен АКШдагы билим берүү системасынын айырмачылыгы тууралуу басылмада Айдана Абдыраманованын макаласына орун берилген. Автордун оюнча, АКШнын билим берүү системасынын үйрөнө турган жагы - окуучуну кичинесинен өз алдынча ойлонууга, жекече демилгеге басым коюусу.

Башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаев “Аалам” гезитинде жума күнү кандай материалдар чыгарын айтып берет:

- 8-март аялдардын эларалык күнүнө карата материалдар арбын. Анын ичинде Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин акын кыз-келиндерге арнаган ырлары жарыяланууда. Биртоп Кыргыз эл жазуучуларынын президент А.Акаевге мамлекеттик тил мыйзамы боюнча кайрылуусу гезитибиздин жаңы санында жарыяланмакчы.

Кеп кезеги “Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы Уулкан Токторалиевада:

- Илгиз Талиптин “Биз жашаган турмушта” деген макаласы жарык көрүүдө. “Чиркин өмүр” деген кыргыздын туңгуч телесериалы тууралуу макалага да орун берилмекчи. Акын Уркаш Мамбеталиевдин манасчы Саякбай Каралаевди эскерген макаласы гезиттин жаңы санында чыгат.

“Бишкек таймс” гезитинде эмнелер жарыяланаарын басылманын башкы редакторунун орунбасары Эмилбек Момунов айтып берет:

- Баткен облусунда карамайдын ири запасы бардыгы тууралуу макала жарыяланууда. Бирок да 8 миллион доллар инвестиция алып келип биздин экономикага салым кошууну көздөгөн австралиялык компанияга жергиликтүү жетекчилер бут тосуп, келишимге кол койбой жатышат. Мунун себебин иликтеген макаланы жарыялап жатабыз. Кыргызстандан түстүү жана кара металлдын сыртка ташылып атканы жөнүндө макала да гезитибиздин жаңы санында жарыяланмакчы.
XS
SM
MD
LG