Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Грузин президенти бир күндүк визит менен Бакуда болду


Михаил Саакашвили менен Илхам Алиев эки тараптуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун курулушуна байланыштуу айрым жагдайларды талкуулашты. Саакашвилинин айтымында, айрым бир саясий күчтөр аталган курулушту үзгүлтүккө учуратканга аракет кылып жатышат.

- Тыштан берилген тапшырыктар боюнча айрым саясий күчтөр экологиялык маанидеги жүйөөдөн улам курулуштун нугун өзгөртүү зарылдыгын айтып, муну менен ишти эки-үч айга ооздуктоону жана акыры түбү үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатышат, - деп айтты Саакашвили. Бирок ал кайсы саясий күчтөр экенин тактаган жок.

XS
SM
MD
LG