Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:37

ООГАН АЯЛДАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНЫН КЫЙЫП ЖАТЫШАТ?


Бурулкан Сарыгулова, Прага Узак мезгил согуштун запкысын тарткан Ооганстан аймагында акыркы жылдары өзүнүн жанын кыйган аялдардын саны өсүп кетти. Бул жагдай коомчулукту да, расмий бийликти да санааркатып турат. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнүн себеп-жайы эмнеде?

Германияда негизделген Medica Mondiale Эл аралык кайрымдуулук уюму азыр Ооганстандын Герат аймагында жашаган аялдар үчүн качкындар үйүн ачууну көздөп жатат. Мындай аракеттин көрүлө баштагандыгына ириде Герат аймагында өзүнүн жанын кыйган, болгондо да өрттөө жолу менен кыйган аялдардын санынын өсүп кеткендиги себеп болду. Герат башка жерлерге караганда талиптердин зомбулугуна көбүрөөк учураган, анын кесепетинен кризистик жагдайды азыркыга чейин баарынан көп кечирип жаткан аймак. Аялдардын жан кечтиликке барып жатышынын себебин да эл аралык уюм оор социалдык жагдай менен байланыштырат.

Маселен, аталган уюмдун өкүлү Гурчаран Вирдинин айтымында, жети айлык боюнда бар 29 жашар бир келин күйөөсү менен төркүнүнүн ортосундагы ыйкы-тыйкыга чыдабай өзүн өрттөп жиберген.

Расмий маалыматка караганда, акыркы учурларда эле Герат аймагында 52 аял өзүн өрттөп жиберди. Өткөн жылы 12 жаштан 50 жашка чейинки 160 аялзат өзүнө өзү кол салып жергиликтүү ооруканага түшкөн. Medica Mondiale уюмунун өкүлү Гурчаран Вирди болсо өзүн өрттөгөндөрдүн саны мындан да көп экенин айтат:

- Айылдарда, шаарларда, башка облустарда аялдар өздөрүн өрттөгөн башка учурлар да бар, бирок, аларга биз баа бере албайбыз. Анткени, алар - ооруканага жетпей эле жан таслим болгондор. Мындайлар адатта эсепке алынбайт.

Расмий бийлик аялдардын өз жанынан кечип жатышын жардылык, мажбурлап никеге тургузуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги менен байланыштырууда. Бул себептерди укук коргоо уюмдары андан да тереңдетип, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук менен байланыштырышууда. Анткени, талиптик режим кулагандан кийин деле ооган аялдары эркектердин зомбулугунун, теңсиздиктин туткунунда калып калышты. Маселен, Гурчаран Вирди мындай дейт:

- Аялдардын аракеттерин чектөө да кризисти шарттоочу маанилүү фактор. Анткени, алар маселен, өз алдынча автоунаага түшө алышпайт. Иштөөгө, эркектер менен паранжысы жок сүйлөшүүгө акысы жок.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Ахмад Баасирдин айтымында, ооган аялдары үчүн талиптердин бары деле, жогу деле бирдей. Айрыкча, талиптердин убагында Иранга качып, кийин кайткандар өз тагдыры үчүн көп кабатырланышат. Маселен, Ооганстанда эркиндик орногонун сыналгыдан угуп атажуртуна кайтып келген бир келин өз жеринде жанын кыйган. Анын бир тууган сиңдиси Мина Иранда жагдай алда-канча жеңил болгонун айтат:

- Биз мурда Иранда жашап жүргөндө жагдай жакшыраак эле. Бирок, биз Гератка келгенде аябай катуу кысым жасалды. Эжем өлөөрдөн мурда Гераттын азап-тозогун тартууну караманча каалабастыгын айтчу, үмүттөнчү. Үй-бүлө түйшүгү да кошул-ташыл болду окшойт. Ал тийчү күйөөсүнө сүйбөй туруп, макулдук берүүгө аргасыз болгон.

Мындай мүшкүлдүү маселелерге азыр коомчулук астейдил көңүл бурууга аракеттенип жатат. Маселен, маалымат каражаттары, бейөкмөт уюмдар аялдардын укуктарына байланышкан айрым маселелерди аз болсо да көтөрүшүүдө. Бирок, укук коргоочу Гурчаран Вирди мындай аракеттен олуттуу деле майнап чыкпайт дейт:

- Аялдардын бейөкмөт уюмдары, аялдар маселелери боюнча өкмөттүк мекеме коомчулуктун аң-сезимин өзгөртүүгө аракет кылганы менен, башкы маселе аялдын өзүнүн укуктук жактан чектелип калгандыгында. Кээде аял үчүн үйдөн чыгуу да кыйын.

Укук коргоочунун айтымына караганда, ушундай жагдайлардан улам жанын кыюуга чейин жеткен аялдарга ушу күнгө чейин кол сунуп, жагдайын жеңилдетүүгө башкалар эмес, өз урук-тууганы да аракет кылган жери жок.
XS
SM
MD
LG