Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК ПРОТОКОЛДУ ЖОККО ЧЫГАРДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 5-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн суу-энергетикка тармагындагы кызматташуусуна байланыштуу маселени карашты. Отурумдун соңунда депутаттар аталган өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери 2004-жылдын 4-январында Чымкент жана 11-февралда Бишкек шаарындагы кеңешмесинде суу-энергетикка тармагы боюнча кабыл алган протоколдорду жокко чыгаруу тууралуу токтом кабыл алышты.

Суу-энергетика маселесин талкуулоо кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Жыйында сүйлөгөн депутаттар бир добуштан кыргыз өкмөтүнүн суу-энергетика маселеси боюнча башка өлкөлөр менен жүргүзгөн аракеттерин сындашты. Отурумдун соңунда жети пункттан турган токтом кабыл алынды.

Токтомдо Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын вице-премьер-министрлеринин 2004-жылдын 4-январындагы Чымкентте жана үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Бишкек шаарында өткөн кеңешмелеринде суу-энергетика боюнча кабыл алган протоколдору Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына жооп бербейт деп айтылды. Ошондой эле токтомдо аталган протоколдун айынан Кыргызстан тарткан экономикалык чыгымды калыбына келтирүү, ал макулдашуудан улам жол берилген мыйзам бузууларды териштирүүнү башкы прократурга тапшыруу, Кыргызстандын энергетикка тармагын менчиктештирүүнүн мызамдуулугун кайрадан териштирип чыгуу, мындан кийин суу-энергетика боюнча башка өлкөлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүү сунушталды.

Үстүбүздөгү жылдын 4-январында жана 11-февралында үч өлкөнүн вице-премьер-министрлери Токтогул суу сактагычынан койо берилген суунун өлчөмүн секундуна 600 миң кубометрден 500 миң кубометрге чейин азайтуу тууралуу протокол кабыл алышкан. Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов мындай протокол Казакстандын Шардарыя суу сактагычында топтолгон суунун өлчөмү белгиленген чектен жогорулап, тосмодон ашып кетүү коркунучунан улам кабыл алынгандыгын, мындай токтом Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келбей тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан тарап мындай протоколду кабыл алуудан мурда Казакстанга төмөндөгүдөй шарт койгондугун маалымдады:

- Биринчиден, «2004-жылы Кыргызстандан электр энергия сатып албасаңар биз буга маакул эмеспиз» дедик. Экинчиден, агызылган суунун өлчөмүн толуктоо үчүн көмүр, мазут сурадык. Үчүнчүдөн, Орусияга электр энергиясын сатууга тоскоолдук кылбагыла дедик.

Ошондой эле Базарбай Мамбетов Казакстан мындай макулдашууга ылайык Кыргызстанга 15 миң тонна мазут, 85 миң тонна көмүр бергендигин кошумчалады. Өкмөт өкүлүнүн жогорудагыдай жообу депутаттарды канааттандырган жок. Сөз сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү кыргыз өкмөтүнүн Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун өлчөмүн азайтышы электр энергиясынын аз өндүрүлүшүнө алып келгендигин натыйжада, өлкө боюнча, айрыкча айылдарда электр энергиясы бир нече күндөп өчүрүлүп жаткандыгын айтып, өкмөттү күнөөлөштү.

Мындан сырткары алар электр энергиясын аз өндүрүүдөн Кыргызстан чоң суммада зыян тарткандыгын баса белгилешти. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын Отун-энергетика маселеси боюнча комитетинин жетекчиси Тайырбек Сарпашев мындай дейт:

- Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун өлчөмүн азайтыш үчүн биз ТЭЦке белгиленген өлчөмдөн көп мазут, көмүр жагып, андан кошумча энергия өндүрүшүбүз керек. Бирок Токтогул суу сактагычынан өндүрүлгөн бир киловатт электр энергиянын баасы 4 тыйын, ал эми ТЭЦ тен өдүрүлгөн электр энергиянын баасы 1 сом 26 тыйын турат. Ошонун айрымасынан биз 200 миллион сом зыян тарттык.

Ал эми Турдакун Усубалиев Кыргызстан Токтогул суу сактагычын куруп, ири өлчөмдө зыян тарткандыгын, ал эми коңшу өлкөлөр аталган суу сактагычтан өз убагында суу алышса да Кыргызстанга адамгерчиликтүү мамиле жасабай жаткандыгын айтты:

- Токтогул суу сактагычын курганда 32 миң гектар жер суунун алдында калды. Анын 12 миң гектар жери сугат жер. Ошентип, жалаң Токтогул районунун элинин чыгымы 4,12 миллиард сомду түзөт. Ошондой эле Кыргызстан бул суу сактагычты куруунун айынан автожолун 60 чакырымга узартууга мажбур болуп, ага 237 миллион доллар жумшаган. Ал акчаны бизге эч ким берген жок. Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан үчүн жасаган мындай эң жакшы аракетин эч ким туура баалабай жатат. Алар тескерисинче, өз өлкөлөрүнүн аймагындагы суу сактагычтарга сууну кыш, жай айлары толтурбай башка убакта толтуруп алышып, бизди күнөөлөшөт. Мындан өткөн адилетсиздик жок.

XS
SM
MD
LG