Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Таласта «Тил тагдыры - эл тагдыры» аттуу марафон болду


ТАЛАС. Өткөн жылы күзүндө «Теңир ордо» фондусу, «Аалам» газетасы жана «Бишкек адам таануу» аалымканасы биригип кыргыз тилин өнүктүрүү жана сөз кудуретин сактоо кыймылын түзүшкөн. Кыймыл кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү ишин жүргүзүп, бул марафон ошол максаттын бир иш чарасы катары өттү. «Кырк чоро» кинотеатрында өткөн марафондо чыгып сүйлөгөндөр жакында кабыл алынган мамлекеттик тил мыйзамына каршы чыгып жаткандарга нааразычылык билдиришти жана кыргыз тилинде сүйлөй албаган мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө мындан ары ишеним көрсөтүлбөсүн деп талап кылышты. Эмгек ардагери Бейшенбек Асанов кыргыз сыналгысында орусча, кыргызча аралаштырып сүйлөгөңдөрдү эфирге чыгарбоо талабын койду. Марафонго жергиликтүү аткаруу бийлиги кийлигишкен да, көңүл бурган да жок.

XS
SM
MD
LG