Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Белорус Борбор Азияда ГЭСтерди курууга катышат


БИШКЕК. Белорус Кыргызстан менен Тажикстанда курула турган гидроэлектро станцияларга зарыл курулуш жабдууларын берүүгө даяр. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги Орусиянын маалымат каражаттарынын кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, бул маселени Евразия экономикалык шериктештик уюмунун башкы катчысы Григорий Рапота Белорустун премьер-министри Сергей Сидорский менен талкуулаган. Анда Сергей Сидорский уюмдун алкагында бирдиктүү бир бажы жыйымы киргизилсе Белорус Борбор Азиядагы ири курулуштарга катышууга кызыкдар экендигин билдирген. Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары жакында Алматыда өткөн жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын аймактарында ГЭСтерди куруу зарыл деген чечимге келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG