Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Кыргызстан арам акчаларды адалдоого каршы тура алабы?


БИШКЕК. Кыргызстан арам акчаларды адалдоо менен терроризмди каржылоого каршы күрөш боюнча эларалык стандартка жакын мыйзамдарды кабыл алышы зарыл. Мындай сунуш АКШнын мамлекеттик департаментинин «Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча эларалык стратегия» жөнүндөгү жылдык докладында айтылды. Ушул март айынын башында жарыяланган докладда айтылган сунуш боюнча, арам акчалар каржы институттарын кыйгап өтүп адалданып жаткандыктан кыргыз бийлиги ал жылчыктардын баарын жабуу чараларын көрүүгө тийиш. АКШнын мамлекеттик департаментинин иликтөөсү боюнча, буга Кыргызстанда банк системасынын жакшы өнүкпөгөндүгү жана арам акчаларды адалдоонун башка системасы, тактап айтканда, жасалма соода кылуу сыяктуу көптөгөн түрлөрүнүн көп колдонулаары баса белгиленген.

XS
SM
MD
LG