Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

АКШ СПИД илдетине каршы күрөшкө 15 млрд. доллар бөлдү


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары СПИД илдетине каршы күрөшүү максатында беш жылдык глобалдык программа кабыл алып, ага 15 миллирд доллар каражат бөлүүнү чечти. Ал каражаттын 9 миллиард доллары СПИД илдети кеңири тараган өлкөлөргө бөлүнөт. Беш миллиард доллар 100дөн ашуун өлкөгө эки тараптуу келишимдин негизинде берилсе, 1 миллиард доллар СПИДке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фондко чегерилет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Ал эми Кыргызстандын СПИД бирикмесинин жетекчисинин орун басары Айнагүл Осмонованын маалымдоосуна караганда, бул программанын алкагында Кыргызстанга 17 миллион 73 миң доллар бөлүнөт жана программа 1-марттан баштап ишке кирди. Быйыл өлкөнүн СПИД бирикмесине 2.5 миллион доллар каражат берилет.

XS
SM
MD
LG