Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

СУУ БАШЫ БОЛУП ТУРУП КЫРГЫЗСТАН СУУК ТУМШУК КӨРҮНӨБҮ?


Орто Азия өлкөлөрү үчүн суу маселеси байыртадан эле маанилүү болуп келгени маалым. Суунун жетишсиздиги же арбындыгы жаратылышка жана калктын жашоосуна кескин таасир тийгизип келген.

Жакындан бери Сырдарыя ташкындап Өзбекстан менен Казакстандын айрым айылдарын суу каптап, адамдардын өмүрүнө коркунуч туулду. Маалыматтарга караганда, Казакстандын Кызылордо облусунун 608 кв. км. суу каптап, 2079 адам кырсыктуу жерден башка жакка көчүрүлгөн. Түштүк Казакстандагы Бекарстан жана Жаныкурлыс унаа жолдору суу астында калган. Казакстандын Шардарыя суу сактагычынан суу ашып Жосалы кыштагынын үстү жагында 4 кв. км. чамалуу муз аянты пайда болгон. Орус маалымдоо каражаттары эгер Шардарыя суу сактагычы жарылса анда Түштүк Казакстан менен Кызылордо облустары эле эмес, Орусия менен Казакстан биргелешип пайдаланып аткан Байкоңур космос палигону да суу астында калат деп кабатырлана башташты.

Чындап эле азыркы алаамат табияттын буга чейин болуп келген чыргоолорунан кескин айырмаланат. Учурдагы суу ташкындын жаз айында эмес, кыштын кыраан чилдесинде болуп аткандыгы адистерди кооптондурбай койбойт.

Эгер кырдаал өзгөрбөсө анда жазгы жылуулук менен тоодогу мөңгүлөр эрип, суу кирген кезде Өзбекстандагы Кайраккум жана Казакстандагы Шардарыя суу сактагычтарынын абалын элестетиш кыйын. Мындай шартта Нарын-Сырдарыя нугунда жайгашкан өлкөлөр суу маселеси жана ага байланыштуу проблемаларды чогуу чечүүнүн ордуна, жакында Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун Казакстан президентине жолдогон катында түзүлгөн кырдаалга жалгыз Кыргызстан күнөөлүү деп, суу каптаган айыл-кыштактардын жана үй-жайсыз калган адамдардын азап-тозогу менен кайгы-мунун толугу менен Кыргызстанга жүктөдү.

Чындап эле Кыргызстан ушунча элдин шоруна калдыбы деген суроо менен Улуттук илим академиясынын суу чарба институтунун директору, профессор Дүйшөн Маматкановго кайрылдык:

- Кыргызстандын эч кандай күнөөсү жок. Орто жерде Кыргызстан бир топ чыгымдарга дуушар болуп атат. Мына азыр Казакстандагы суунун капташы бул өзү тарыхый боло турган иш эле. Анткени Сырдарыянын нугу жок болуп кеткен. Мурунку дарыянын кичинекей эле нугу калган. Ошол суунун жээгиндеги жерди айдашып, күрүч эгип, пахта эгип, эс алуучу жайларды, айылдарды куруп, жердин баарын өздөштүрүп салган. Анан кийин ошону менен суу көп келсе батпай, Арал деңизинин соолушу да ушул эсептен. Себеби суу жиберсе да ал Аралга жетпейт. Токтогул суу сактагычынын эсебинен 1 млн. 300 миң гектар жер сугарылат. Ошол Токтогул суу сактагычын иштетип жайкысын сууну берип, кышкысын сактап туруш үчүн ыгым-чыгымын эсептеп келгенде биз андан жылына 200 млн. доллар каражат чыгым тартат экенбиз. Казакстанды эсепке албаганда, бир эле Өзбекстан 800 миллиондой доллар пайда табат экен. Азыр сууну азайтып бериш үчүн биз кышкысын электр энергияны аз өндүрүп зыян тартып жатабыз. Анын айынан элди кыйнап, көпчүлүк жерде электрди өчүрүп атабыз. Демек эл, мамлекет чыгым тартып атат.

Улуттук илим академиясынын суу чарба институтунун директору, профессор Дүйшөн Маматкановдун мындай пикиринен кийин тарыхка кайрылсак. Илгерки түрктөрдүн апсаанасында айтылгандай бир бай коңшусуна кыжыры кайнап, эптеп тийишүү амалын ойлоп, мындай доо арткан экен: "Сен мага 40 жылкы айып бергин, эмне дегенде, сенин айгырыңдын түңкү азанаганынан менин бээлерим кулун салып салды" - деп. Ал сыңары Кыргызстандын коңшуларынын азыркы кинеси айласыздан ошол байдын доосун эске салбай койбойт.
XS
SM
MD
LG