Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:35

ОРУС ТИЛИ ОРОШОН, КЫРГЫЗ ТИЛИ КОРОСОН, КЫЗ-КЕЛИНДЕР МАЙРАМЫ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында майрамдык маанай күчтүү - кыз-келиндерге жаз майрамы менен куттук айткан каалоо-тилек, мактоолор арбын. Бишкектеги орус тилине арналган эларалык конгрессти, ушу тапта арбын айтылып аткан кош тилдүүлүк саясатын колдогон пикирлер байма-бай жарыяланууда. Эмдиги жылы өтчү президенттик шайлоого кимдер талапкер болуп чыгаары, кимдин канча чаркы бардыгы эмитен эле эл элегине коюлуп, талкууга алына баштады.

8-март - энелердин, кыз-келиндердин майрамы. «Азыркы байлардын, жогорку элита чөйрөсүнүн, чиновниктердин аялдарынын жашоосу күнүгө эле «8-март», күндө той. Ал эми жээр- ичээрге эч нерсеси жок үй-бүлөлөрдө болсо майрамдар кайра көңүл оорутат эмеспи»,- дейт «Курманжан датка» коомдук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева «Жаңы ордо» гезитинде жарыяланган маегинде. Анын айтуусунда, замандын оор жүгүн аялдар көтөрүүдө. «Ойлонуп, ойгонуп, тентип-тербиген журтту жыйнай турган мезгил келди. Канча кыз-келиндер сыртта соода-сатык менен жүрүп, мыкты уулдарды төрөбөй калды»,- дейт ал.

Президенттикке талапкерликке Майрам Акаева чыгышы ыктымал экендигин ушул эле гезитте Бекен Назаралиев жазды. «Эгерде Акаев бул ирет чын эле өзү барбаса, өзү отурган тактыны таштап кете турганга ылайыктуу адам жоктой. Аялынан башка ишенимдүү эч ким болбой жаткан шекилдүү»,- деп жазат Б.Назаралиев.

Жалалабад шаарында кийинки жылдары мектеп окуучулары менен бюджеттик мекемеде иштегендерди көчө тазалоого иштетүү көнүмүшкө айланганын А.Шарипов «Борбордук көчөлөр тазаланды, президент келе берсе болот» деген макаласында.

Президент А.Акаев 2005-жылкы шайлоого катышпастыгына ынангандан кийин «араң турган кыргыз саясатчылары кайрадан күжүлдөй башташты» деп жазат «Агым» гезитинде Мелис Эшимканов. Анткен менен, автордун айтымында, кийинки президент ким болоорун «А.Акаев жалгыз чечпейт, «политбүлө» турат, АКШ менен Орусия турат». Бийлик алмашса артында эмне калат, «граждандык согушпу же бейпил турмушпу, экономикалык өсүшпү же жакырчылык сазыбы, адилет, таза, демократиялык коомбу же коррупция, ыймансыздык, кландар башкарган, диктатордук камчы көксөгөн системабы?» деп суроо койот автор.

Басылмада Мамат Сабыровдун «Манастын арбагы урат дедиңер эле, кана урганы?», Жолдошбек Зарлыкбековдун «Орус тили орошон. Кыргыз тили коросон» деген макалаларына да орун берилген. Орус тили конгресси тууралуу Ж.Зарлыкбаев момундай оюн ортого салат: «Бул конгресс баамыбызда, кыргыз тилинин жаңы мыйзамынын кабылдануусуна карай теңсалмактаган, орус журтунун алдында актангандай жыйын болду көрүнөт».

Гезиттин жаңы санында журналист Абдувахаб Мониевдин кыргыз тилинин бүгүнкүсү менен келечеги тууралуу макаласы жарыяланган. Кыргыз тилинин аркасы менен элге таанылып, китеп жазган көпчүлүк кыргыз акын-жазуучуларынын бала-чакасы эне тилин билбейт. «Шарт ушундай эле» деген жооп даяр, деп белгилейт макала автору.

Орус тил конгрессинде президент Аскар Акаевдин сүйлөгөн сөзү «В конце недели» апталыгында жарыяланды. Президент орус тили Кыргызстанда дайыма активдүү колдонулуп келгенин, 2000-жылы анын ролун жогорулатып, ырасмий тил катары мыйзам негизинде ырасталганын айтып, Кыргызстан латын арибине өтпөй тургандыгын, 20-кылымда кириллица арибинде жарыяланган маданияттын бүтүндөй бир катмарын унуттурууну каалабастыгын билдирди.
Кыргызстандын тил саясаты көп тилдүүлүккө негизденээри жума күнкү «Кыргыз туусу», «Эркинтоо» гезиттеринде да чагылдырылды.

Мамлекеттик кызматкер эки тилди билиши керектиги, азыр болсо мамлекеттик кызматтарда орус-кыргыз тилин жетик билбеген, чаласабат кадрлар көбөйүп кеткенин «Эркинтоо» гезитиндеги маегинде Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев козгогон. Анын пикиринде мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз кыргыз тилин билиш керек деген беренеге орус тилин мыкты билиш зарылдыгын кошуп жазуу керек.

«МСН» гезитинин ишембилик санында ырчы Салима Балтаеванын маеги жарыяланган. «Өмүр бою ырдагым келет, - дейт ырчы кыз.- Тоодо ырдаганды жакшы көрөм, үнүң жаңырыктап, тоо суусу сени менен кошулуп ырдайт».
XS
SM
MD
LG