Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Кытайдын жалпы элдик жыйынынын сессиясы башталды


Сессияда өлкөнүн конституциясына толуктоолорду киргизүү боюнча маселе каралат. Ага ылайык 55 жылга созулган коммунисттик башкаруу учурунда биринчи жолу жеке менчикке ээ болууга уруксат берилет. Кытай коммунисттик партиясы конституцияга мындай өзгөртүү киргизүүнү жактады.
Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябао сессияны ачып жатып, Кытай куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүнү улантат жана Тайвандын көз карандысыздыгына каршы бардык аракеттерди жасайт деп айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG