Бүгүн Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаттары өлкөнүн премьер-министрлигине Михаил Фрадковду дайындоого макулдук беришти. Михаил Фрадковдун талапкерлигин Орусиянын президенти Владимир Путин көрсөткөн. Фрадков депутаттарга чукул арада президентке өкмөттүн жаңы түзүлүшүн көрсөтөөрүн айтты. Орусиянын президенти Путин Фрадковдун өкмөт башчысы болуп дайындалгандыгы тууралуу жарлыкка ушул эле күнү кол койду.