Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

СССРдин ЖАНА «АЛГАНЫН» АРДАГЕРЛЕРИ ТАЙМАШТЫ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 5-марта Бишкектин «Спартак» стадионунда футбол ардагерлери арасында айтылуу «Алга» командасынын ардегерлери менен мурдагы Советтер Союзунун тандалма командасынын мүчөлөрү беттешти.

Учурунда СССРдин тандалма командасынын катарында ойногон, Сеул олимпиадасынын чемпиондору Виктор Лосев, Алексей Прудников жана Владимир Татарчук, СССРдин көп жолку чемпиондору Александр Бубнов, Виктор Папаев, Игорь Колыванов жана Сергей Шавло бар. Ошондой эле Дмитрий Кудников, Равиль Сабитов, Виктор Шамилов, Олег Сергеев, Николай Савичев, Дмитрий Еремин, Дмитрий Яманов жана Валентин Бубкин сыяктуу футбол чеберлери келишти. Алардын дээрлик бардыгы айтылуу «ЦСКА» жана Москванын «Динамо» командаларынын катарында ойногон. Ардагерлерден түзүлгөн команданы мурдагы таанымал футболчу Владимир Семикин жетектеп келди.

Ал эми көп жылдар бою «Алга» командасында ойноп, кыргыз күйөрмандарына таанылган Раис Бартаев, Марс Чокморов, Михаил Тягусов, Борис Подкорытов, Георгий Шевченко, Наметжан Закиров, Камил Тойчиев, Марибай Каландаров, Руслан Ажиев, Мажит Кожанов жана башкалар бул ирет да көздү кубандырып, футбол талаасына чыгышты.

Алардын катарында ардагерлердин «Алга» клубун түзүүнүн демилгечиси, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кемелбек Нанаев, өлкөнүн ички иштер министри Бакирдин Субанбеков баштаган футбол күйөрмандары да ойноду. Команданы учурунда кыргыз футболунун өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Юсуп Мусаев даярдап, машыктырды.

Оюндун жүрүшү тууралуу «Алга» ардагерлер клубунун президенти, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кемелбек Нанаев өз оюн мындайча билдирди:

- Мындай беттешүү кыргыз футболунун өсүп- өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет деген ойдомун. Мурдакы таанымал футболчулардын жергебизге келиши менен жаштар алардан үлгү алып, футболдун баркын көтөрөт. Бош болгондо ден соолукту чыңдап, футбол ойноп, чуркап, кээде лыжа тээп жүрөм. Эми алыбызга жараша ойнодук. Белгилүү футболчуларга теңелүу кыйын эмеспи. Ортодогу достук кымбат.


Оюндун биринчи бөлүгү меймандардын үстөмдүгү менен өтүп, эсепти 25 мүнөттө Дмитрий Кудников ачты.

Кыргызстандын футболчуларынан учурунда СССРдин тандалма командасынын катарында кимдер ойногонун «Заман Кыргызстан» гезитинин футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев айтып берди:

- Алгач Кайып Оторбаев Москванын «Спартак» жана «Локомотив» командаларынын катарында ойногон. Андан кийин СССРдин курама командасында биздин жердешибиз Виктор Папаев чакырылып, «Спартак» командасынын капитаны болгон. Өлкөнүн мыкты оюнчусу Владимир Булгаков да көп жыл союздун курамында ойноп, олимпиадалык командага кабыл алынган. Бишкектик Сергей Фокин дагы Сеул олимпиадасында чемпион болгонун да айта кетели. Анан Александр Калашников баштаган бир нече жигиттер Орусиянын командаларында ойногон.

Мурдакы Советтер Союзунун ардагерлер командасынын дарбазачысы, Сеул олимпиадасынын чемпиону Алексей Прудников эски досторуна кезиккенине кубанганын мындайча баяндады:

- Ардагерлердин жеңишке болгон умтулуусу жаштарга үлгү болчудай. Эки команда тең жакшы аракет кылышты. Эң негизги максат - футболдун кадыр-баркын көтөрүп, эл достугуна данакер болуу. Мен мындан 20 жыл мурда бирге ойногон кыргызстандык досторума кезиктим. Абдан кубанычтамын. Кыргыз футболчуларынан Алмаз Чокморовду баалачу элем. Биздин оюнду жаш балдар көрүп жатканы кубандырат. Алардын футболго болгон сүйүүсүн ойгото алсак болгону. Мен Бишкекке «ЦСКАда» ойноп жүргөндө бир жолу келгем.

Беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө «Алга» ардагерлер командасынын чабуулчусу Назим Ажиев эсепти теңдеп койгону менен оюнда Москвадан келген меймандар артыкчылык кылышты. Натыйжада Равиль Сабитов эки топту, Дмитрий Яманов дагы бир топту «Алганын» дарбазасына таамай тээп киргизди. Ошентип ардагерлердин беттешүүсү 4:1 эсебинде «Алганын» утулушу менен аяктады.

Ардагер футболчулардын беттешүүсүнө «Алга, Кыргызстан» партиясы менен өлкөнүн футбол федерациясы демөөрчү болуп, жеңүүчүлөргө байгелерди, эстелик белектерди тапшырды.
XS
SM
MD
LG