Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА КЕҢЕШКЕ БИР ЖЫЛ ТОЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек 5-мартта демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин түзүлгөнүнө туура бир жыл толду. Аталган кеңеш тарабынан бир катар иштер жүргүзүлдү. Айрым саясатчылар бул кеңештин ишин сындашууда.

Президент Аскар Акаевдин өткөн жылдын 5-мартындагы жардыгы менен Демократиялык коопсуздук боюнча кеңеши түзүлгөн. Мындай аракет «Кыргызстан-адам укугун урматтаган өлкө» аттуу идеянын алкагында жүргүзүлгөн. Академик Мирсаид Миррахимов башында турган кеңештин курамында Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, аз улуттардын, окумуштуулардын өкүлдөрүнөн турган 33 адам бар. Кеңештин башкы максаты: коомдогу демократиялык жараяндарды, демократиялык институттарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Өлкөдө коомдук чырчатактардын орун алышын алдын алуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо.

Өлкөдөгү оппозициялык көз караштагы саясатчылар демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин түзүлүшүн президенттин өз бийлигин бекемдөөчү кезектеги кадамы катары баалашат.

Мирсаид Миррахимов кеңештин түзүлүшүнүн зарылдыгы жөнүндө:

- Кыргызстан Борбор Азияда эң демократиялык өлкө болуп эсептелет. Бизде демократиялык өнүгүү боюнча бир топ жетишкендиктер бар. Бирок демократиялык процесстерди мындан ары да өнүктүрүү зарыл. Ал үчүн элди, мектеп окуучуларын, студенттерди демократияга үйрөтүү зарыл. Биз бул багытта иштерди жүргүзүп жатабыз.

Кеңеш тарабынан аткарылган иш-аракеттерге токтолсок өткөн жылдын август айында кеңеш иштеп чыккан Демократиялык кодекс кабыл алынды. Анда демократиялык коомдогу моралдык-этикалык нормалар чагылдырылган. Кеңештин өкүлдөрү белгилешкендей, Кыргызстандын шартында демократияны куруунун бир жолу - ушул кодекс болуп эсептелет. Анткени ал идеологиялык багыт катары атуулдардын жүрүм-турумун жөнгө салат. Бирок Демократиялык кодекстин кабыл алынганына бир жылга жакындап калса да, азырга чейин кодекс жөнүндө көпчүлүк кабарсыз. Муну кеңештин мүчөлөрү да моюнга алууда. Сез - Илимдер Академиясынын философия институтунун директору Осмон Тогузаковдо:

- Биз жакында Талас, Баткен жана Ош облустарында болуп Демократиялык кодекс боюнча жыйындарды өткөрүп, эл менен жолугушуп келдик. Чынында эле жер-жерлерде Демократиялык кодексти билбеген, укпагандар көп экен. Азыр калктын 20-30 пайызы Демократиялык кодекс жөнүндө билет деп айтууга да оозум барбай турат.

Осмон Тогузаковдун айтымында, Кеңеш айрым маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, өкмөттүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн мамлекеттик комиссиялардын иштерине, ошондой эле өлкөдөгү мыйзам чыгаруу жараяндарына да активдүү катышууда. Барган сайын Кеңешке кайрылган атуулдардын саны да жогорулоодо.

Ал эми айрым саясатчылар Кеңештин адам укуктарын сактоо, демократиялык институттардын ишин тереңдетүү багытында жүргүзүп жаткан иш-аракеттери байкалбай жатканын айтышууда. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев ошондой пикирде:

- Бизде акыркы жылдары ар кандай кеңештер көп түзүлүп жатат. Бирок мунун баары популисттик иштер деп айтаар элем. Анткени иш жүзүндө алар кандайдыр бир жыйынтык беришпейт. Алсак, академик Мирсаид Миррахимов башында турган Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш деле коомго эч кандай пайда алып келе албайт. Демократияны өнүктүрүү үчүн мыйзамдарды так аткаруу зарыл.

Мыйзамчы-депутат Акылбек Жапаров да кеңештин ишин сынга алды:

- Мындай кеңештер эмне үчүн түзүлөт? Качан гана мамлекетте бийлик бутактары өз милдеттерин так актара албай калган учурларда ушундай кеңештер түзүлө баштайт. Албетте демократияны өнүктүрүү боюнча кандай болбосун уюмдардын түзүлүшүн колдоо керек. Бирок иш жүзүндө алар коомго пайда алып келе албай турганын биз көрүп турбайбызбы.

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча мындан ары Демократиялык кодексте каралган моралдык-этикалык нормаларды калк арасында жайылтуу, кодексти пропагандалоо багытындагы иштерди жүргүзүү улантылат. Азырынча 2,5 миң нускада чыгарылган Демократиялык кодекс элге таратылмакчы. Кеңештин сунушу менен кийинки окуу жылынан баштап мектептерде 7-11-классттар үчүн демократияны үйрөнүү боюнча атайын сабактын киргизилиши күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG