Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИ КАЗАК МАЖИЛИСИНЕ СУУНУН ТАЛАШ ЖАГДАЙЛАРЫ БОЮНЧА ӨЗ ЖҮЙӨӨСҮН БИЛДИРДИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Казакстандын Шардара суу сактагычында суунун көп топтолушуна байланыштуу мындан бир нече күн илгери бул коңшу өлкөнүн Мажилиси Кыргыз парламентине кайрылуу жолдогон. Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны 5-марттагы отурумунда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн вице-премьер-министрлеринин 2004-жылдын 4-январында Чымкент жана 11-февралда Бишкек шаарындагы кеңешмесинде суу-кубат тармагы боюнча кабыл алган протоколдорун жокко чыгарып, Казакстан парламентинин жогорудагыдай кайрылуусуна тийешелүү жооп узатты.

Үстүбүздөгү жылдын кыш айлары Кыргызстандын суу сактагычтарынан агызылган суудан Казакстандын Шардара суу сактагычында белгиленген өлчөмдөн көп суу топтолуп, тосмодон ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Буга байланыштуу февраль айында Казакстандын Мажилиси Кыргызстандын парламентине кайрылуу жолдоп, мындай абалдан чыгууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны 5-мартта суу-кубат жаатында кабыл алган токтомго Казакстандын Мажилисине жооп кат жиберүү тууралуу өзүнчө пункт киргизилди. Кат долбоору депутат Турдакун Усубалиев жетектеген депутаттык топ тарабынан даярдалган. Жооп катта Кыргызстан коңшу өлкөлөргө суу топтоп берүүдө кандай чыгымга учурап жаткандыгы тууралуу жүйөлөр келтирилген. Турдакун Усубалиевдин айтымында, Анжыян, Токтогул суу сактагычтары курулганга чейин суу ташкындаган мезгилде Казакстан жана Өзбекстандын бир катар эл жашаган аймактарын суу каптап, аларга чоң өлчөмдө зыян келтирилген. Андай зыянды жоюуга Совет Биримдиги жылына жүздөгөн миң сом жумшап келген. Ал эми аталган суу сактагычтары курулгандан кийин коңшу өлкөлөр мындай кошумча чыгымдан кутулушту.

«Өзбекстан, Казакстан мындай чыгымдарды эске албаганда Токтогул суу сактагычынан жаз, жай айлары эгин талааларын сугарууга жетишээрлик өлчөмдө суу алышып, суу акысын төлөбөй келет» дейт депутат Усубалиев:

- Чыгымыбыз жылына 25 миллион доллардан ашып кетип жатат. Биз ошонун үчтөн экисин төлөгүлө деп канча жылдан бери айтып келе жатабыз. Бирок коңшу өлкөлөр бир тыйын да төлөбөй келишет.

Усубалиевдин пикиринде, Шардара суу сактагычында суунун көп өлчөмдө топтолушуна Кыргызстандын эч кандай күнөөсү жок. Анткени Казакстандагы Шардара жана Тажикстандын аймагындагы Кайраккум суу сактагычтарына жылдын кыш айлары гана суу топтолушу керек. Ал эми коңшу өлкөлөр Кыргызстандан суу сатып албоо максатында бул суу сактагычтарга кышында эмес, башка мезгилдери суу топтоп алышып, кайрадан Кыргызстанды күнөөлөшү туура эмес, дейт депутат Т.Усубалиев:

- Бул суу сактагычтар кышында, эрте жазда, жайында толтурулушу керек. Биздин коңшулар суу сактагычтарын мурдатан толтуруп алышып, «кышында агызылган суу эгин талааларыбызды басты, деп бизге жалаа жаап атканы туура эмес.

Турдакун Усубалиев казак Мажилисине жибериле турган жооп катта мына ушундай жана башка маселелер камтылгандыгын маалымдады. Ошондой эле ал эгерде казак бийлиги Кыргызстандын жогорудагыдай жүйөлөрүнө да тийешелүү жооп бербесе, анда эл аралык уюмдарга кайрылууну сунуштады.

«Азаттыктан» мурда кабарлангандай, Мыйзам чыгаруу жыйыны 5-мартта Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн суу-кубат тармагындагы кызматташуусуна байланыштуу маселелерди караган. Отурумдун соңунда депутаттар аталган өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери 2004-жылдын 4-январында Чымкент жана 11-февралда Бишкек шаарындагы кеңешмесинде суу-кубат тармагы боюнча кабыл алган протоколдорду жокко чыгаруу тууралуу токтом кабыл алышкан.
XS
SM
MD
LG