Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Бүгүн Баткенде аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанат өттү


БАТКЕН. Майрамдык салтанат облус борборундагы эң мыкты деп эсептелген "Мээрим" кайрымдуулук фондунун облустук бөлүмүнүн имаратында өттү. Ага чакырылган баатыр энелерди, ишкер айымдарды жана эмгек алдыңкыларын облус губернатору Аскарбек Шадиев аялдардын майрамы менен куттуктап, алар жаш облустун ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп жатканын белгиледи. Андан соң салтанаттын катышуучуларына майрамдык белек-бешкектер берилип, сый тамак тартууланды. Шаңдуу музыканын коштоосунда облустук бийликтин өкүлдөрү, мекеме, уюмдардын эркек жетекчилери жана жергиликтүү таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашты.


Жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

XS
SM
MD
LG