Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Кыргызстандагы аялдардын ролун күчөтүү боюнча конкурс жарыяланды


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти гендердик саясат боюнча президенттик сыйлыкты алууга бир жылдык конкурс жарыялады. Конкурс 8-март аялдардын эл аралык күнүнүн белгиленгендигинин 95 жылдыгына карата уюштурулду. Ал ушул жылдын март айынан баштап 2005-жылдын март айына чейин созулат. Биринчи сыйлык Кыргызстандагы гендердик саясат боюнча мыкты илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге ыйгарылат. Андан кийинки сыйлык гендердик саясатты жакшы чагылдырган массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө берилет. Андан тышкары өндүрүштө, кызмат көрсөтүүдө жана дыйкан чарбаларында мыкты иштеген аялдар да конкурска катышып, сыйлык ала алышат. Президент Аскар Акаевдин айтымында, конкурс өлкөдө аялдардын ролун жогорулатууга зор өбөлгө болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG