Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Жугуштуу оорулар ооздуктала элек


БИШКЕК. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдоосуна караганда, өткөн жылы өлкөдө 281 миңден ашуун киши жугуштуу (инфекциялык) оорууга кабылган. Натыйжада алардын саны 2002-жылга салыштырмалуу дээрлик 54 миңге көбөйгөн. Инфекциялык ооруулардан өткөн жылы 631 адам набыт болгон. Ал эми 2002-жылы андай оорудан набыт болгондор саны 644 киши болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы он жылда брюцеллез дарты олуттуу проблемаларды жаратып келатат. Өткөн жылы брюцеллез дартына 2522 киши чалдыккан. Ал эми 2002-жылы андай адамдар саны 1771 киши болгон. Өткөн жылы эки ирет ич келте дарты жайылып, ага 249 киши чалдыккан. Өлкөдө сары оорууга кабылгандар саны да жогору бойдон калып, өткөн жылы 7 миң 418 киши сарык менен ооруган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG