Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Кыргызстан менен Орусиянын муфтияттарынын кызматташтыгы артат


БИШКЕК. Кыргыз мусулмандарынын муфтияты менен Орусиянын муфтийлеринин кеңеши ортосунда кызматташуу тууралуу келишим түзүлөт. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдон алынды. Анын маалыматына караганда, келишимге кол коюу маселеси Орусиянын муфтийлер кеңешинин башчысы шейх Равил Гайнутдинов менен Москвадагы жолугушуусу учурунда талкууланып, ага ушул жылдын май айында кол коюу белгиленди. Муратаалы ажы Жумановдун айтымында, кызматташуу келишими Орусия менен Кыргызстандын диний башкармалыктарынын ортосундагы байланышты күчөтүп, айрым маселелер боюнча бирдиктүү чечимдерди кабыл алууга жол ачат. Муфтий андан тышкары Борбор Азиядагы мамлекеттердин диний башкармалыктары менен байланышты өркүндөтүү аракетин көрөт. Ал эми диндер аралык кеңештин ушул жумада Москвада өткөн жыйынында диндер аралык мамилени күчөтүү маселеси каралды жана анда Кыргызстандын муфтийи кеңешке жана аткаруу комитетине мүчөлүккө кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG