Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Аксы окуясы боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт


БИШКЕК. 10-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынында Аксы окуясына байланыштуу парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул тууралуу депутат Азимбек Бекназаров бүгүн билдирди. Анын айтымында, парламенттик угууга аткаруу бийлигинин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар чакырылган жана ал палатанын бир катар комитеттери тарабынан уюштурулууда.. Парламенттик угууда Аксы окуясында жабыркагандарга жардам берүү, күнөөлүүлөрдү жазалоо маселеси көтөрүлмөкчү. 2002-жылдын 17-мартындагы кандуу Аксы окуясында кеминде беш адам полиция кызматкерлеринин огу жаңылып набыт болуп, ондогон атуулдар жаракат алган.

XS
SM
MD
LG