Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

ООГАНСТАН: ТАЖВАР АЙЫМДЫН КҮРӨШЧҮЛ ТАГДЫРЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ооганстандагы чейрек кылымдан берки согуштан эң көп жабыр тарткандар аялдар менен балдар экени белгилүү. Бирок ооган аялдарынын ахвалы жөнүндө жарык көргөн материалдарда аялдардын бейпил турмуш орнотуу үчүн жан үрөп күрөшкөндөрү көз жаздымда калып келатат.

Тажвар Кахардын өмүр жолу көптөгөн ооган аялдарыныкына окшош, бир айырмачылык - ал бүткүл ооган элинин башына түшкөн мүшкүлдөн мүңкүрөп, тагдырдын жазмышына мойун сунуп калбастан, билим-илими, акыл-эси менен күч-кубатын азаттык үчүн арнап күрөшүп келаткан инсандардын бири.

1948-жылы төрөлгөн Тажвар Кахар бир кезде гүлдөп турган мекенинин бак талашкан күчтөрдүн саясий төңкөрүштөрү менен ич ара уруштарынын курмандыгы болуп калганынын күбөсү болду. 1979-жылы өлкөгө советтик аскерлер кирген кезде мектеп мугалими болуп иштеп жүргөн Тажвар каршылык көрсөтүү күчтөрүнө кошулуп, советтик оккупацияга каршы согушкан мужахиттерге жардам берет. Каршылык көрсөткөндөрдү айоосуз жазалаган Бабрак Кармал баштаган коммунистчил режим 25 миңден ашуун кишини темир торго салып, кийин аларды ың-жыңсыз жок кылган. Түрмөгө түшкөндөрдүн арасында Тажвар да бар эле. Абакта отурган азаптуу күндөрү жөнүндө Тажвар мындай деп эскерет:

- Алар бизди тепкилеп, чыбык менен сабашчу. "Мужахиттерге жардам бересиң" деп бир бийкеч кызды сабап жатып өлтүрүп салышты. Ал бечараны ызгаардуу кышта түн жамынып көмүп салышканын билип калдык. Полицияда иштеп, ушундай эле айып менен абакка түшкөн дагы бир аялды бутуна электр ток жүгүртүп кыйнашкан. Андай кыйноодон шордуу келиндин эки буту тең кара чычала болуп күйүп калган.

Түрмөдөн бошонгон соң, Тажвар баскынчыларга жана режимге каршы күрөштү улантууга белсенет. Бирок анын бүткүл үй бүлөсүнө чоң коркунуч жаралып турганын бирөөлөр аркылуу билип калып, кошуна Пакистанга качат. Алты баласын ээрчитип, төрөлгөнүнө сегиз эле күн болгон кызыл эт ымыркай кызын көтөрүп, жөө-жалаңдап Кундузга, андан соң Пешаварга барат.

Жаш балалуу болгонуна карабастан, Тажвар Пакистанда да тим отуруп калган эмес. Ал качкындар лагеринде баш каткан оогандардын балдары үчүн мектеп ачып, аларды кагаз, калем, китеп жана жупуну болсо да окутууга жарай турган көргөзмө куралдар менен камсыз кылуунун аракетинде болот. Бирок режимдин кишилери Тажварды бул жерден да өлтүрмөкчү болушкан соң, ал үй бүлөсү менен Австралияга жер которгонго аргасыз болот.

Талиптер бийликтен кулатылгандан кийин Ооганстанга кайтып келип, ишин уланткан укук коргоочу айым Ооганстандын өзү күбө болгон режимдеринин бири да аялдардын коомдогу жана үй бүлөдөгү укуктарын иш жүзүндө кепилдей албагынына кейийт:

- Мужахиттер бийлик кылып жаткан убакыт аялдар үчүн эң кыйын кезең эле. Анда аялдар зордукталып, токмок жеп, өлтүрүлгөн учурлар көп болду. "Кыз-келиндерди өзүнчө окутканга шарт жок" деген шылтоо менен мужахиттер аялдардын университетте окуусуна тыйуу салышты. Кийин бийликке келген түркөй талиптик режим болсо коомдо тартип орноткону менен кыздар менен аялдардын окуусуна таптакыр тыйуу салды. Өткөн 25 жылдын ичинде бийликте болгон бардык өкмөттөрдүн тушунда аялдар кордук көргөндүн үстүндө гана болушту, - дейт Тажвар айым.

Талибан бийлиги кулатылган соң, Тажвар Ооган Убактылуу өкмөтүндө аялдар маселеси боюнча министрлигинде кызмат кылды. Кыз- келиндер үчүн мектептер ачылып, бийкечтердин жогорку окуу жайларга көп жылдардан бери бири жолу кабыл алынышы, окуу жайлардын китептер менен камсыз кылынышы - Тажвардын талбаган эмгегинин акыбети. Бирок аял затынын ахвалын оңдоо үчүн алгылыктуу иш кыла албай жатканына, бийликтеги жана коомдогу бут тосууларга иренжиген Тажвар ал кызматтан өз каалоосу менен кетип калган.

Аял затынын коомдогу ролун жогорулатып, эркектер менен тең укуктуулугун алып берүү максатынан кайтпаган айым учурда таанымал укук коргоочу. Ушул тапта ал 8-март күнү аялдардын укуктарын кепилдөөнү талап кылган демонстрация уюштуруу менен алек. Тажвар Кахар аял заты билим-илим алып, коомдук турмушка жигердүү аралашып, өз укуктары үчүн жан үрөп күрөшкөндө гана тең укуктуулук өкүм сүрөт деген ишенимде.
XS
SM
MD
LG