Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

РАКЫЯ – АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ АЙЫМДАРЫНЫН КЫЯЛДЫ ЧЫНДЫККА АЙЛАНТУУ ҮЧҮН ТАЛПЫНГАН ӨКҮЛДӨРҮНҮН БИРИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 1989-жылы Кыргызстанда кыргыз тили гана мамлекеттик тил болсун деген жаштардын кыймылы башталып, башкалаада баракчалар таратылган. Ал баракчаларды компартиянын башкы маалымат органы болгон КыргызТАГдын машинкесинен жашыруун бастырып чыккан Ракыя Жусупованы мамлекеттик коопсуздук боюнча кызмат бир канча жылдар бою артынан түшүп куугунтуктаган. «Эрайым» бейɵкмɵт уюмунун лидери Ракыя Жусупованын бейнесине сүртүмдɵр.

Кой кайтарып жүргɵндɵ адырлардын бетине «мен, буюрса, окууга ɵтɵм» деп кɵп жазчу. Атасынын үйүндɵгү кашааларга дал ушинтип жазгандары эмгиче ɵчпɵй турат. Ракыя Жусупова бала кезинен чыгармачыл адам болууну эңсечү. Базаркоргон районунун Кайырма айылынын четиндеги Чешдɵбɵ дɵбɵсүнɵ чыгып алып, «Мен жазуучу болом», «Мен Раж Капурдай кинорежиссер болом» деп тоону жаңыртып кыйкырганда классташтары кыткылыктап каткырчу.

Кыштактагы кары адамдар күн алыс чырмоок тергени барганда Ракыя да ээрчип алчу. Ошондо карылар айткан накыл кепти, уламыш- жомокторду жана элдик каада- салтты кунт коюп тыңшай турган. Ошол күндɵрү Ракыя эркек мүнɵз күтүп, атасына мал тейлешип, чɵп чабышып, орок оруп жүрдү. Кɵз алдына тээ алыстагы башкалаа Фрунзе тартылат. Ошол кезде жаштар сүйүп кɵргɵн Индия кинолоруна окшотуп кино тартууну кыялданат.

Мектепти бүткɵндɵн кийин ɵзү эски кашааларга кыялданып жазганындай жогорку окуу жайга ɵттү. Журналистика факультетинде окуп жүргɵндɵ гезит- журналдарга чыккан макалалары менен аты чыга баштады. Индиянын кино жылдызы Раж Капурдун иниси Шиши Капур Бишкекке келгенде анын маалымат жыйынынан кийин толкундап ал жɵнүндɵ чоң макала жазды. Москвадагы киносценаристтердин 2 жылдык окуусуна барууну самайт. Бирок анда окууга кино тартууда кыпындай да тажрыйбасы жоктугу тоскоол болот. Анан кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин тобуна кошулуп, «Терек канча жыл жашайт» деген тасманы тартууга катышат.

Аңгыча Ракыянын жашоосунда күтүлбɵгɵн окуялар башталат. Сексенинчи жылдардын аягы. Кыргызстанда жаштар дүргүп, ар кыл саясий кадамга бара башташат. Бир жактан башкалаа Фрунзенин четиндеги бош жаткан жерлерди үйсүз жаштар басып ала баштаса, бир жактан кыргыз тилине күйгɵн жаштардын кыймылы от алат. Ошол кезде Ракыя КыргызТАГда иштечү. Ракыя үйсүз жаштарга жер берүү талабы менен чыгып аткан Ашар кыймылына баш оту менен киришет. Ошол кездеги Фрунзеде ар кимдин босогосунда күн ɵткɵрүп аткан кыргыз жаштарынын үй маселеси бышып жетилип калган болчу.

- Мамлекеттик кызматта он жылдап иштеп жүргɵн кыргыз жаштары батирлеп ар кайсы үйдɵ жашачу. Эмнегедир ошол кезде мамлекет кыргыз жаштарын элетке отурукташтыруу саясатын жүргүзчү. Ошол убакта кыргыз жаштары шаарга ык алып, алдыга умтулуп элеттен кɵчүп келе башташкан эле. Башкалаанын четиндеги бош жаткан жерлерди бɵлүп берүү жɵнүндɵ ɵкмɵткɵ кайрылууларга оң жооп болгон эмес. Ошол кезде Москва тараптан келген орус же башка улуттагы жаштарга дароо үй берилчү. Ушул нерсе кыргыз жаштарын ойлонтчу. Акыр үйсүз жаштардын маселеси бышып жетилип анан 100 миңге жакын жаштар кɵчɵгɵ чыктык. Бош жерлерди басып алдык дагы, 3-4 айлап пикет- митингдерди токтотпой турдук. Советтер союзунун Прибалтика аймактарында биз менен катар эркиндикке умтулуу жүрүштɵрү башталган болчу. Акыр Москвадан жер берилсин деп уруксат келген, - дейт “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумагазы Усупов.

Бишкектин четиндеги «Акɵргɵ» жаңы конушунун тургундары Ракыяны жакшы тааныйт. Бир күнү караңгыда «Акɵргɵдɵ» баткак кечип келатып, Ракыя жерге чалкасынан кулап түшɵт. Бутунда желим ɵтүк, кɵнɵктɵп жамгыр тɵгүп турган. Буркурап ыйлап жерге оонайт... «Мага эмне азап, кудай ай, эмне азап, бирде ач, бирде ток, эмне азап» деп шолоктойт. Түн коюуланып баратканда жɵɵ жалаңдап жалгыз үйүнɵ жɵнɵйт. Жолдо баратып жылаңаяк, ачка калса да ушул иштин аягына чыкканга ɵзүнɵ ɵзү убада берет. «Ашарда» жүрүп бир күнү бутундагы тапичкеси тытылып, жылаңайлак калат. Ошондо «Ашардагы» чогуу иштеген жигиттер узун кончтуу булгаары (керзовый) ɵтүк сатып беришкенин «Акɵргɵ» жаңы конушунун тургуну Гүлнара минтип эскерди:

- Мен да канчалаган жылдар бою үйсүз жүргɵм. Анан жер басып алууда биз да катышып, мына азыр Акɵргɵ жаңы конушунда жашап атабыз. Ракыяны ошол кезден бери тааныйм. Бутуна чоң ɵтүктү кийип алып, баткак кечип жаңы конуштарды буту үзүлгүчɵ кыдырчу. Кɵп баскандыктан бут кийими тытылып калып, «Ашардагы» жигиттер ага эркекетрдин желим ɵтүгүн сатып берикшен. Же бир ага бирɵɵ айлык тɵлɵсɵчү. Келип кээде үйгɵ эс алып жатып калчу. Биртке жатат дагы кайра эле кɵчɵ кыдырып жɵнɵйт. Акɵргɵдɵгү кɵчɵлɵргɵ ɵзү кыдырып жүрүп жалаң кыргызча ат койгон. Ракыя ал аттардын баарын эл менен кеңешип, ɵзү бүт документ топтоп мыйзамдаштырган.

Үйсүз жаштар менен катар ошол жылдары мамлекеттик тил маселеси да курч коюлган. Фрунзедеги жаштар кыргыз тили гана мамлекеттик тил болсун деген талап менен чыга башташат.

Мамлекеттик тил жɵнүндɵ баракчалар студенттердин жатаканаларына илинип, кɵчɵдɵ таратылышы керек болчу. Бирок ал кезде баракча кɵбɵйткɵндɵн ɵткɵн түйшүк жок эле. Ракыя КыргызТАГда жɵнɵкɵй эле машинист болчу. Ал жолдошторунан баракчаны чыгаруу милдетин сурап алат. Анан жашыруун эч кимге билгизбей КыргызТАГдын машинкесинен кɵбɵйткɵн. Кыргыз тилди мамлекеттик тил кылууга чакырган баракчалар туш- тушка тарап, коомчулук дүргүп калат. Акыр ишти ɵлкɵнүн коопсуздук кызматы колго алат. Мындай баракчалар КыргызТАГдан гана басылышы мүмкүн экендиги айкын болчу. Ошол күндɵн тарта Ракыя коопсуздук кызматтын кара тизмесине түшүп, улутчул катары суракка алына баштайт.

- Күнү-түнү кɵчɵ кыдырып, жатаканаларга кирип иштечүбүз. Эч коркунуч дегенди билген жокмун. Бир күнү КыргызТАГга улуттук коопсуздук кызматы келиптир, дароо эле мен кылганымды түшүнүштү. Түшүнүк кат жаздырып алып дароо жумуштан бошотушту. Мага жан тарткандары болду, бирок ал жактагы жамааттын жарымынан кɵбү кыргыздар эмес болчу. Албетте, алар улутчул деп жектеп турушту. Ошондон баштап суракка алына баштадым. Башында коркчумун, кийинирек кɵнүмүш болуп калдым. Артыңа бирɵɵнү салып коет экен, дайыма артыңда кɵлɵкɵңдɵй болуп, бирɵɵнүн жүргɵнү жагымсыз экен, тажатып да жиберет экен, - дейт Ракыя.

Ошол кездеги «Ашар» коомунун лидерлеринин бири, КДК партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев ошол күндɵрдү мындайча эскерет:

- Улуттук коопсуздук кызматы бизди туш тараптан куугунтуктап, ар кимибизди ар жакка алып кеткенге аракет кылды. Коомчулук болсо биз тууралуу ар кыл ойдо болду. Менин туугандарыма айтып, мени болсо кɵлгɵ алып кетишти. Туугандарым болбой, эс ал деп алып кетишкен. Барсам мага кызмат сунушташты, үй даярдап коюштуптур. алардан дароо баштарттым. Ошол кезде Ракыянын бир эрдиги эсимде. Кырдаал курчуп баратканын түшүнүп, кандайдыр бир жолун таап, жазуучу Чыңгыз Айтматовго чыгат. Ага «Ашардын» ой- тилегин түшүндүрүп, сүйлɵшүп чыгат. Ошондон кийин Чыңгыз Айтматов журтчулукка жана бийлик ɵкүлдɵрүнɵ “Ашардын” мүдɵɵлɵрүн түшүндүрүп бергенден кийин бизге карата мамиле ɵзгɵрɵ баштаган.

1989-жылы «Мамлекеттик тил жɵнүндɵ» мыйзам кабыл алынып, кыргыз тили мамлекеттик тил болду. Баракча таратып, кɵчɵгɵ чыккан жаштар буга алгачкы кадамды таштап койду. Ракыя саясатты, деги эле коомдук иштерди жаман кɵрчү. Бирок андай күрɵшкɵ кандайча кирип кеткенин ɵзү да аңдаган эмес. Ракыя муну табигый ɵзүнɵн ɵзү келген күрɵш дейт. Аял катары бактылуусузбу деп суроо берип атып, ɵзүм ыңгайсыз болуп турдум. Жалгыз жашайт. «Бири кем дүйнɵ» дейт Ракыя:

- Аял бактысын бир гана үйбүлɵдɵн табат деп ойлобойм. Ооба, мен үйбүлɵ куруп, эне болгонго аябай аракет жасадым. Бирок, бири кем дүйнɵ, мага кудай аны айтпаптыр. Мен турмушка кеч чыктым, бирок балалуу боло албагандан кийин ажырашууну туура кɵрдүк. Мен элге жардам берип, коомдук иштерди аткаруу менен деле бактылуу боло алам деп ойлойм. 30дан ашык баланы чет мамлекетте окуганына жардам бердим. Алардын ар бири мени ɵз энесиндей кɵрɵт. Мага кат жазып кеп- кеңеш сурап, тойлоруна чакырып турушат. Мен азыр 30 балам бар деп ойлойм.

Ракыя жакшы ырдайт. Курбуларына, жакындарына ырдап бергенден тартынбайт. Кɵбүнчɵ патриоттук духтагы ырларды жатка билет. Чет мамлекетке чыкканда да, жада калса досторунун тɵрүндɵ да патриоттук ырлардан баштайт. (Ысыккɵл тууралуу ырды ырдап берет).

Махабат темасына кирип кеттик. Чоң сүйүүгɵ жолукканын айтып отурду. Бирɵɵлɵр сүйүүсүнɵ жетпей калып чɵгүп кетип атат, тентип кетет. Ракыя сүйүүсүнɵ жетпей калганына ыраазы. Ракыянын оюнда жетпей калган махабаты аруу бойдон калганы менен ого бетер баалуу.

Учурда «Эрайым» коомдук фондун (корун) жетектейт. Анын мүчөлөрү аялдарга колдоо кɵрсɵтүп, жакырчылыктан чыгуу үчүн жакыр бүлɵлɵрдүн аңсезимин бурууга багытталган долбоордун үстүндɵ иштеп жатышат.

Мен анын кеңсесинен сыртка чыксам айлананы эчак коюу караңгылык баскан экен. Сыртта аны 3-4 аял күтүп отуруптур.
XS
SM
MD
LG