МОСКВА. Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Чеченстан боюнча мурдагы докладчысы, лорд Жаддын Орусияга киришине уруксат бербей коюунун саясий өңүтү жок. Мындай пикирин Орусия мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев билдирди. Анын айтымында, лорд Жадд чакыруучу тарап тууралуу туура эмес маалымат берген, ошондуктан ага документтерди кайра даярдоо сунушталган.
Жадд 10-мартта Чеченстандагы тынчтык орнотуучу аракеттер үчүн ыйгарылуучу “Дүйнө сыйлыгы” аттуу сыйлыкты тапшыруу салтанатына катышмак. Бирок, өткөн аптада тышкы иштер министрлиги лордго виза берүүдөн баш тарткан.