Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Минскидеги пленумда Жогорку соттордун төрагаларынын кеңеши түзүлдү


Минскиде КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык сотторунун жыйынында Жогорку соттордун төрагаларынын кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында:

- Бул пленумда биринчи жолу Жогорку соттордун атайын кеңеши түзүлдү. ЕврАзЭБге кирген өлкөлөрдүн сотунун функциясы тууралуу каралды. Ошондой эле КМШнын экономикалык соту жөнүндөгү атайын келишимге ЕврАзЭБнын башкы катчысы Рапота менен экономикалык соттун төрайымы Керимбаева кол койду.

Минскидеги КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык сотторунун жыйыны 3-мартта башталып, 6-мартта аяктады. Кыргыз делегациясы Бишкеке бүгүн кайтып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG