Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

АПТА ИЧИНДЕГИ ОЛУТТУУ ОКУЯЛАР: СУУ ТАЛАШ. ТИЛ ТАГДЫРЫ. АКСЫ ОКУЯСЫНЫН ЭКИ ЖЫЛДЫГЫ...


Бакыт Аманбаев, Бишкек Өтүп жаткан аптада Мыйзам чыгаруу жыйыны суу жана отун-кубат боюнча коңшу өлкөлөр менен болгон өкмөт аралык эки макулдашууну жокко чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Орус тилинин коомдогу ордуна арналган эл аралык конгресс өткөрүлдү. Оппозициячыл маанайдагы «Эл бийлиги» шайлоо блогу жыйын өткөрүп, кыргыз элине кайрылуу кабыл алды.

Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын вице-премьер-министрлеринин үстүбүздөгү жылдын 4-январында Чымкент жана 11-февралда Бишкек шаарында суу-кубат маселелери боюнча кол коюшкан протоколдору Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына жооп бербейт. Мындай мазмундагы токтомду Мыйзам чыгаруу жыйыны 5-марттагы отурумда кабыл алды. Ошондой эле ал токтомдо Чымкент, Бишкек макулдашууларынын мыйзамдуулугун териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу жана мындай протоколдордон улам Кыргызстандын экономикасына келтирилген чыгымды коңшу өлкөлөрдөн төлөтүп алуу сунушталды. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын Отун-кубат комитетинин жетекчиси мындай дейт:

- Жогорудагыдай протоколдордон улам Кыргызстанга канча экономикалык чыгымга учурагындыгын эсептеп чыгуу Мыйзам чыгаруу жыйынын тиешелүү комитеттерине тапшырылды. Алдын ала эсептегенде, Токтогул суу сактагычынан аккан сууну азайтуудан Кыргызстан 200 миллион сом зыян тарткан. Токтомдо кезектеги сүйлөшүүлөрдө мындай чыгымды коңшу өлкөлөрдөн төлөтүп алуу маселесин көтөрүү белгиленди, - дейт Таирбек Сарпашов.


4-мартта Бишкекте мамлекет башчы Аскар Акаевдин катышуусу менен КМШ өлкөлөрүндөгү орус тилинин ордуна байланыштуу илимий конгресс өткөрүлдү. Мамлекет башчы буга чейин Кыргызстандагы орус тилдүү калктын укуктары жана орус тилинин статусу жетишээрлик деңгээлде коргоого алынгандыгын, орус тилине Конституциянын негизинде расмий тил макамы берилгендигин белгилдеди. Ал эми Орусиянын Билим берүү министри Владимир Филиппов өз өлкөсүндө орус тилинин өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзгөндүгү үчүн кыргыз элине жана мамлекет башчыга ыраазычылыгын билдирди.


Ушул аптада курамына оппозициялык маанайдагы алты партия кирген «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу жыйын өткөрүп, өздөрүнүн келекчектеги иш пландарын тактады. Ошондой эле алар кыргыз элине, Мамлекет башчысына, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөр» алтын кенин «Центера голд» компаниясына жана Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт эс алуу жайын Казакстандын менчигине өткөрүп берүүсүн аткаруу бийлигинин өз элине жасаган кыянаттыгы катары баалашып, өкмөттүн мындай чечимин токтоосуз жокко чыгарууну Жогорку Кеңештен өтүнүштү. Ошондой эле кайрылуу ээлери 2002-жылдын мартындагы Аксы окуясынын эки жылдыгын өткөрүүгө уруксат берүүнү жана массалык маалымат каражаттары аркылуу аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн түндүк-түштүк маселесин козуткуч маанайда көтөрүүсүн токтотууну бийликтен талап кылышты.


Өтүп бара жаткан аптада, ошондой эле, «2003-жылдын сентябрь айында Манас аба майданындагы эл аралык күчтөргө кол салууга аракеттенген» деген доо менен кармалган төрт кишинин үстүнөн сот жаряны башталды. Бишкектин Ленин райондук сотунда башталган бул сот иши эми 9-мартта улантыла турган болду.

Айтмакчы, «2002-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салды» деп шектелген Таалай аттуу атуулдун актоочулары 2-мартта маалымат жыйынын өткөрүштү. Алардын айтымында, Таалай алгачкы учурда Ашыркуловго кол салууга тийешеси бардыгын мойнуна алып, кийинки жазган түшүнүк катында күнөөнү аргасыздан мойнуна алгандыгын айтууда. Бул тууралуу адвокат Валерий Паклин «Азаттыкка» мындай деп билдирди:

- Таалайдын айтымында, ал үй-бүлөөсүн толук камайбыз деген коркутуудан улам жана өзү баңгизатка көз-каранды болгондуктан, баңгизат бергендиги үчүн (тергөөчү каалагандай) көрсөтмө берген. Бирок азыр мына ошол көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда.


4-мартта Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, жер жана суу-кубат кызматташтыгы жаатын камтыган он беш маселе талкууланды. Жыйында Лейлек районунун аймагында тажик атуулдарынын уруксатсыз жер ээлеп алуусун токтотуу, соңку бир нече жылдан бери Тажикстанга ижарага берилип, кайра Кыргызстанга кайтарылган Сарымогол айлынын 70 тургунунун паспортторун ээлерине кайтарып берүү, Мургаб жана Жергетал райондорунун тургундарынын Алайдан көмүр алуусуна шарт түзүү жана башка маселелер тууралуу макулдашылды. Жыйын соңунда анда каралган маселелер боюнча кызматташууну турмушка ашыруу тууралуу протоколго кол коюлду.


Кыргызстандык беш саясатчынын АКШга болгон иш сапары 28-февралдан тартып улантылууда. «Арнамыс» партиясынын Вашингтондогу бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн маалымдоосуна караганда, Кыргызстандын саясатчылар тобу АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. АКШда жүргөн саясатчылардын арасында Экономикалык өнүктүрүү министри Амангелди Муралиев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, «Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Курманбек Бакиев жана мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев бар. Кыргызстандык саясатчылар 14-мартта өз мекенине кайтып келишет.

XS
SM
MD
LG