Кырсыктан 8 киши жаракат алды, имараттын жашоочулары башка жерлерге көчүрүлдү. Шаардын мэри Юрий Лужковдун ырастоосунда, Москва убактысы боюнча таңкы саат 4тө болгон окуя батирлердин бириндеги жаратылыш газынын жарылышынан улам келип чыккан. Дарыгерлер жабыркаган үч адамга баш калаанын оруканаларында жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти. 12 кабаттуу имараттагы бир нече батир (квартира) кыйрап калды. Милициянын өкүлү Александр Маторин, алдын ала маалыматтарга таянып, кырсыктан набыт болгондор жок деп ырастады.
Шайлоо алдында ар кандай террордук кол салуулар көбөйүшү мүмкүн деген чочулоодон улам, жергиликтүү коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн режимге келтирилген.
Шайлоо алдында ар кандай террордук кол салуулар көбөйүшү мүмкүн деген чочулоодон улам, жергиликтүү коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн режимге келтирилген.