Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Эртең Ирактын убактылуу конституциясына кол коюлушу ыктымал


Бир катар дүйнөлүк маалымат агенттиктери Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Муаффак ар-Рубайиге шилтеме берип, бүгүн шийилердин диний лидери менен убактылуу конституция боюнча макулдашууга жетишилди деген кабарды таратышты.
Рубайи өз билдирүүсүн аятолла Али ас-Систани менен болгон жолугушуусунан кийин жасады:

- Мен бул тарыхый документке кол коюлса экен деп кудайдан тилеп жатам. Кудай буюрса, дүйшөмбү күнү биз ага кол койо алабыз.

“Ассошиейтед Пресс” агенттиги Систани Конституциянын азыркы вариантына макул болгонун маалымдады. Ирактын америкалык администратору Пол Бремер макулдашуу жөнүндөгү маалыматты тастыктай албай турганын “Фокс Ньюс” телеканалы көрсөткөн интервьюсунда билдирди.

Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу Кеңеши конституцияга жума күнү кол коюуга тийиш эле. Бирок аятолла Систани күрттөр автономиясы жана болочок президенттик кеңеш боюнча беренелерге каршы экенин билдиргенден соң, Кеңештин беш шийи мүчөсү акыркы мүнөттө ага кол коюудан баш тартышкан.
Мосул шаарында болсо бүгүн полициянын кеңсесине болгон кол салуудан эки карапайым киши мерт кетти. Полициянын эки кызматкери жарадар болду.

XS
SM
MD
LG